Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 514 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 30 декабря 2013 года УП № 237 "О внесении изменений и дополнений в Указ Президента Кыргызской Республики "Об утверждении Реестра государственных должностей Кыргызской Республики и Реестра муниципальных должностей Кыргызской Республики" от 26 июня 2013 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-12-30.
КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 514 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө (КР Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 73, 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Мамлекеттик кызматтын кадрдык потенциалын натыйжалуу калыптандыруу жана мамлекеттик кызмат системасын башкарууну өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-беренесин жана 47-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө Жобо жана аны башкаруу схемасы бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын мамлекеттик кызматчыларынын чектелүү штаттык саны 99 штаттык бирдик болуп белгиленсин.
(КР Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 73, 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
"Саясый мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүктүн "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдары" деген бөлүмүндө:
- II топто:
үчүнчү сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору"; бешинчи жана жетинчи саптар алып салынсын;
- III топто:
төртүнчү сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары"; алтынчы сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору"; сегизинчи сап алып салынсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:
4-глава
нын аталышындагы ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Мамлекеттик саясий жана атайын кызматтарды ээлеген адамдардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары" деген 19-главада: "Б2" тобунда: үчүнчү сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун кеңешчиси"; бешинчи сап алып салынсын; "Б3" тобунда: сегизинчи сап төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун жардамчысы"; онунчу сап алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана анын аймактык органдарынын ишине байланышкан уюштуруу, финансылык, материалдык-техникалык жана башка маселелерди чечсин;
- мурда кабыл алынган чечимдерди ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 514 Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
(КР Президентинин 2011-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
┌─────────────────────────────┐ │ Кыргыз Республикасынын │ │ Мамлекеттик кадр кызматы │ └──────────────┬──────────────┘ │ ┌──────────────┴──────────────┐ │ Борбордук аппарат │ └──────────────┬──────────────┘ │ ┌──────────────┴──────────────┐ │ Мамлекеттик кадр кызматынын │ │ аймактык өкүлчүлүктөрү │ └ ───────────────────────────── ┘
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (10)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 83-б (2010-жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын окутууга мамлекеттик заказ бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 16.03.2010 · № 83-р
- Указ Президента КР от 9 июня 2012 года УП № 119 "О Государственной кадровой службе Кыргызской Республики"Указ · 09.06.2012 · № 119
- КР Президентинин 2012-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 28 (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү) буйругуРаспоряжение · 28.02.2012 · № 28
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 27.08.2007 · № 385 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 18-октябрындагы №250 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фондунун Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 18.10.2010 · № 250 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын…Указ · 30.12.2013 · № 237 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 73 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.03.2010 · № 73 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 28-августундагы ПЖ № 148 "2009-жылдын 13-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз…Указ · 28.08.2010 · № 148 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 27.08.2007 · № 385 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын…Указ · 30.12.2013 · № 237 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 222 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 01.10.2010 · № 222 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.