КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын иштетүүгө конкурстарды, тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү жана лицензияларды берүүнү токтотуу боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-04-18.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 18-апрели № 168-б "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралынын кыргыз участогун курууга инвестицияларды табигый ресурстардын ордуна тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын төмөнкү пайдалуу кендерин иштетүүгө конкурстарды, тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү жана лицензияларды берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү чечим кабыл алганга чейин токтотсун:
Жалал-Абад облусунда жайгашкан "Тереккан" алтын кенин; Жалал-Абад облусунда жайгашкан "Перевальное" алтын кенин; Нарын облусунда жайгашкан "Сандык" нефелин сиенит кенинин "Чечекти" участогун; Нарын облусунда жайгашкан "Жетим" темир кенинин "Дангы" участогун;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-августундагы № 305 "Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-декабрындагы №725 "Жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстук жол-жоболорду өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.12.2009 · № 725 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-августундагы № 305 "Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.08.2007 · № 305 · Күчүн жоготкон