Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстук жол-жоболорду өнүктүрүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 июня 2013 года № 337 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-06-10.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 337 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 1-декабры №725 Жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча конкурстук жол-жоболорду өнүктүрүү жөнүндө Пайдалуу казындыларды пайдалануудан алынчу мамлекеттик кирешелерди максималдаштыруунун натыйжалуу ыкмаларын киргизүү менен аларды чалгындоо жана өздөштүрүү боюнча кен казуу тармагын ылдамдатып өнүктүрүү максатында; "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун (ЖАК) инвестициялык ишмердигин активдештирүү аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын жана анын ишкердик чөйрөсүнүн өнүгүшүнө шарт түзүү боюнча программаларды ишке ашыруу зарылдыгын, ал үчүн анын өздүк капиталдашуусун көбөйтүү керектигин көңүлгө алып; "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду" ЖАКтын биржалык жол-жоболорду жана андай укуктардан мамлекеттин кыйла пайда алуу механизмдерин колдонуу жолу менен жер казынасын пайдалануу укуктарын монеталаштыруу боюнча ыкмаларды натыйжалуу пайдалануу ниети болгондуктан; көп сандагы потенциалдуу инвесторлордун пайдалуу казындыларды чалгындоого жана өздөштүрүүгө укук алуу процессине толук жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын фондулук рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү зарылдыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтомунун (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 410 токтомунун редакциясында) № 3 тиркемесине (Конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү пайдалуу кен чыккан жерлердин тизмеси жана бонустардын өлчөмү) ылайык жер казынасын пайдалануунун айрым объекттерине укуктарды берүү боюнча конкурстук жол-жоболорду "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду" жабык ЖАКтын аукциондук биржалык жол-жоболоруна модификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги акцияларынын 100 проценти "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү фонду" жабык ЖАКтын башкаруусунда турган юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтомунун (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 410 токтомунун редакциясында) № 3 тиркемесинде (Конкурс боюнча бөлүштүрүлүүчү пайдалуу кен чыккан жерлердин тизмеси жана бонустардын өлчөмү) көрсөтүлгөн объекттерге лицензияларды ал юридикалык жактардын акцияларын кийин фондулук биржада сатууга конкурстарды өткөрбөстөн берүүнү ишке ашырсын (андай юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген бонустарды төлөөсү менен).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-апрелиндеги № 168-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 337 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2013 · № 337
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 337 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2013 · № 337
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-апрелиндеги № 168-б (Кыргыз Республикасынын иштетүүгө конкурстарды, тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү жана лицензияларды берүүнү токтотуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.04.2009 · № 168-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы №410 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.06.2009 · № 410 · Күчүн жоготкон