Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительство КР от 23 июня 2009 года №401 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики от 1 августа 2007 года №305 "Об ускорении освоения Терексайской группы золоторудных месторождений""» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-06-23.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-июнундагы № 401 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 1-августу № 305
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Алтын кендеринин Терексай тобун
өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономиканын өсүшүн камсыздоо үчүн
маанилүү милдет алтын кендерин өздөштүрүүнү тездетүү болуп санала тур-
гандыгын белгилейт.
Алтын кендеринин Терексай тобу "Терек" ("Межпластовое"), "Терек-
кан" жана "Перевальное" кендерин камтыйт. Мында "Кыргызалтын" ачык ак-
ционердик коому (мындан ары - "Кыргызалтын" ААК) "Терек" кенин өткөн
кылымдын 50-жылдарынын аягынан тартып, ал эми "Тереккан" кенин
2002-жылдан тартып өздөштүрүүдө.
Флотациялык концентратты кайра иштетүүнүн аяктоочу технологиялык
циклин курууга жана кендердин Терексай тобун иштетүүгө "Кыргызалтын"
ААКнын жетиштүү бош акча каражаттары болбогондугун көњүлгө алуу менен
көрсөтүлгөн кендерди тездетип өздөштүрүү үчүн кен байлыктарды пайдала-
нуу укугуна ачык конкурс өткөрүү зарыл.
Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүгө инвестицияларды тар-
туу үчүн шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кы-
лат:
1. Кендердин Терексай тобун иштетүү ачык конкурс өткөрүлгөндөн ки-
йин гана ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети:
- "Кыргызалтын" ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда
төмөнкүлөрдү карасын:
Терексай тобунун алтын кендериндеги запастарды батыш стандарттары-
на кайра классификациялоо менен ага үч айлык мөөнөттө аудит жүргүзүү
максатында эл аралык стандарттар боюнча иштеген аудитордук же консал-
тингдик компанияларды жалдоо жана алардын кызматына акы төлөө жөнүндө;
Эл аралык фондулук рынокто сертификацияланган эксперт/консультант
тартуу менен алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнүн алдын ала
техникалык-экономикалык негиздемесин, анын ичинде финансы-экономикалык
моделин иштеп чыгуу жөнүндө;
Терексай тобунун алтын кендеринде аларды иштетүү максатында өздө-
рүнүн активдеринин базасында биргелешкен ишкана түзүүгө "Кыргызалтын"
ААКнын катышуусу жөнүндө;
- көрсөтүлгөн жол-жоболор аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик
агенттик менен бирдикте 2006-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында мам-
лекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө программага "Кыргызалтын" ААК-
нын активдеринин (Терексай тобунун алтын кендеринин) бөлүгүн менчиктеш-
тирүүгө тиешелүү тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимдин дол-
боорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүк-
төлсүн.
Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-июнундагы №401 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-августундагы №305 "Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө"…Постановление · 23.06.2009 · № 401
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-апрелиндеги № 168-б (Кыргыз Республикасынын иштетүүгө конкурстарды, тикелей сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү жана лицензияларды берүүнү токтотуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.04.2009 · № 168-р · Күчүн жоготкон