Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2016-жылдын 15,18 жана 22-мартында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 25-марты № 60 2016-жылдын 15,18 жана 22-мартында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-февралындагы № 39 токтому менен 2016-жылдын 15-мартына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай; 2016-жылдын 1 -мартындагы № 45 токтому менен 2016-жылдын 18-мартына дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Санташ; 2016-жылдын 3-мартындагы № 48 токтому менен 2016-жылдын 22-мартына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо боюнча Кара-Суу, Лейлек, Аламүдүн, Түп жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Савай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сайпидинов Мунарбек Акимжанович табылсын.
2. Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.1. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Сумбула айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.2. Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Атамкулов Анаркул табылсын.
3. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.1. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Джаманбаев Иса Джузумалиевич табылсын.
4. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Санташ айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
4.1. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Санташ айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
4.2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Санташ айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Сыдыков Шукурбек Бектурганович табылсын.
5. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
5.1 Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Байзак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
5.2. Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Жусупов Бердибек Асанбекович табылсын.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 3-мартындагы № 48 "Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак, Нарын районунун Дөбөлү жана Кочкор…Постановление · 03.03.2016 · № 48
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 25-февралындагы № 39 "Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо…Постановление · 25.02.2016 · № 39
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 1-мартындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 01.03.2016 · № 45
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон