1-берене. Чек ара ыйгарым укуктууларынын статусунун мазмуну
Күчүн жоготкон · 23.05.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 15 января 2021 года № 5
1. Эмгек милдеттеринин шарттары, мүнөзү, ошондой эле аткарылышы чек ара ыйгарым укуктууларынын статусунун маңызын аныктайт, ал ушул Мыйзамдын негизинде чыгарылган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген укуктарды, милдеттерди, юридикалык жоопкерчиликти, укуктарды ишке ашыруу кепилдигин камтыйт.
2. Чек арага чектеш райондордо туруктуу негизде жашаган жана чарба иштери менен алектенген жана өз иштерин эмгек келишиминин негизинде жүзөгө ашырган мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адамдары чек ара ыйгарым укуктууларына кирет.
3. Чек ара ыйгарым укуктуулары мамлекеттик чек аранын барууга кыйын, алыскы жана начар корголгон участокторунда мамлекеттик чек араны ыкчам коргоо жана чек арачыларга мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча кызматтык-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда көмөктөшүү үчүн тартылат.
4. Чек ара ыйгарым укуктуулары бардык укуктардан жана эркиндиктерден пайдаланат.
Кошумча укуктар жана милдеттер Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталышы мүмкүн.
5. Чек ара ыйгарым укуктуусу тартиптик жана материалдык жоопкерчилик, ошондой эле кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР 2021-жылдын 15-январындагы № 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.05.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 15 января 2021 года № 5 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики", "О пограничных уполномоченных")"Редакцияларды салыштыруу
15.01.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…актылары менен аныкталышы мүмкүн.
5. Чек ара ыйгарым укуктуусу алынып салынды: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, кошулду: тартиптик жана материалдык кошулду: жоопкерчилик, ошондой эле кылмыштарды, жоруктарды жана алынып салынды: жазык жоопкерчилигин кошулду: бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
кошулду: (КР 2021-жылдын 15-январындагы № 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 35 "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 21.06.2021 · № 35
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 686 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.12.2019 · № 686 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205466/st-1" title="1-берене - Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>