Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 января 2023 года № 13 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-13.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 17-декабры № 686 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79 жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
1) 262-беренеси күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 291-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"291-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын режимин, чек арадагы режимди жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуулар.
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын участокторунда жана чек ара тилкесинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын режимин бузуу -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Чек арага жакын жайгашкан аймактарда чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3) 295-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"295-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ишине тоскоолдук кылуу Ыйгарым укуктуу орган текшерген учурда, анын ичинде текшерип көрүүдө (кароодо), ошол текшерип көрүү (кароо) ыйгарым укуктуу органдын компетенциясынын чегинде жүргүзүлгөндө ишине тоскоолдук кылуу - 2-категориядагы айып пул салууга алып келет. 2-берене. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 5, 488-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 43-беренесинин 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасында кылмыш жана (же) жоруктарды жасаган адамды, анын башка кол салып зыян келтирүү аракеттерине бөгөт коюу максатында ошол адамды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшыруу же жеткирүү үчүн анын жүрүү аракетин чектөө менен кармоого;
2) 44-беренеде:
а) 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда "административдик" деген сөз алып салынсын;
б) 2-бөлүгүнүн 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибине каршы жасалган бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде аныкталган тартипте жазаларды салат;". 3-берене. "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2015-жылдын 6-марты, № 17-18) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-беренесинин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Чек ара ыйгарым укуктуусу тартиптик жана материалдык жоопкерчилик тартат, ошондой эле кылмыштарды, жоруктарды жана бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат". 4-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 11-июнундагы № 3858-Vl "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз…Постановление · 11.06.2020 · № 3858-Vl
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 4205-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз…Постановление · 02.12.2020 · № 4205-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-июнундагы № 3994-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз…Постановление · 25.06.2020 · № 3994-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө", "Чек ара ыйгарым…Закон · 15.01.2021 · № 5
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндөЗакон · 03.03.2015 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 26.06.2013 · № 105 · Күчүн жоготкон