2-берене
Күчүндө · 17.02.2015 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 62-1-статья менен толукталсын:
"62-1-статья. Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу Жарандардын электрондук кайрылууларын мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына кабыл алуу үчүн электрондук почта дарегин жайгаштырбоо, электрондук кайрылууга номер жана каттоо датасын ыйгаруу боюнча белгиленген мөөнөттөрдү бузуу, расмий сайтка андайга ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан болбогон электрондук почта дарегин жарыялоо - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы "82-1" деген цифралардан кийин ", 234-1" деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 17.02.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205456/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>