Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 17-февралы № 35 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене. "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 458-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 8-статьяда:
1-бөлүгү "бир" деген сөздөн кийин "жумушчу" деген сөз менен толукталсын; 2-бөлүгү "14" деген цифрадан кийин "жумушчу" деген сөз менен толукталсын; 3-бөлүгү "30" деген цифрадан кийин "календардык" деген сөз менен толукталсын; 4-бөлүгү "беш" деген сөздөн кийин "жумушчу" деген сөз менен толукталсын.
2. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Жарандардын кайрылуулары жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисине, ал эми ал болбогондо, статс-катчысына же жетекчисинин орун басарына, же аппаратынын жетекчисине жүктөлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине, ал эми ал болбогондо жетекчисинин орун басарына жүктөлөт.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 62-1-статья менен толукталсын:
"62-1-статья. Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуу Жарандардын электрондук кайрылууларын мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайтына кабыл алуу үчүн электрондук почта дарегин жайгаштырбоо, электрондук кайрылууга номер жана каттоо датасын ыйгаруу боюнча белгиленген мөөнөттөрдү бузуу, расмий сайтка андайга ыйгарым укук берилген кызмат адамы тарабынан болбогон электрондук почта дарегин жарыялоо - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы "82-1" деген цифралардан кийин ", 234-1" деген цифралар менен толукталсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (3)
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Чаувай айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-январындагы №2/1 "Чаувай айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016-жылдагы аткарылышы жана 2017-жылга милдеттери жөнүндө"…Постановление · 21.01.2017 · № 2/1
- Чаувай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 27-декабры № 23/2 "Чаувай айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2019-жылдагы аткарылышы жана 2020-жылга милдеттери жөнүндө"…Постановление · 27.12.2019 · № 23/2
- Чаувай айылдык кеңешинин 2020-жылдын 29-декабрындагы № 31/1 "Чаувай айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылдагы аткарылышы жана 2021-жылга милдеттери…Постановление · 29.12.2020 · № 31/1
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон