95-берене. Бажы кампаларынын типтери
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы кампалары ачык жана жабык типте болушу мүмкүн.
Эгерде бажы кампалары ар кандай товарларды сактоо үчүн жана товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон ар кандай жактардын колдонуусу үчүн арналса, ачык типтеги кампалар болуп эсептелинет. Эгерде бажы кампалары кампа ээсинин же бул кампаны түзүүдө кампа ээси аныктаган айрым жактардын товарларын сактоого арналса, жабык типтеги кампалар болуп саналат.
2. Жабык типтеги бажы кампалары арыз берүүчүнүн жабык типтеги кампаны уюштуруунун максатка ылайыктуулугун негиздеген жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча уюштурулушу мүмкүн. Жабык типтеги бажы кампасында сакталуучу товарлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
3. Ачык жана жабык типтеги бажы кампалары сактоонун өзгөчө шартын талап кылган же башка товарларга зыян келтириши мүмкүн болгон товарлардын айрым категорияларын сактоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн (адистешкен бажы кампалары).
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
95-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-95" title="95-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>