Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
94-берене. Бажы кампасынын бажылык жол-жобосуна киргизилген товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялар
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизилген товарлар менен жүргүзүлүүчү операциялардын тизмеги Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 232-беренесинде аныкталган.
2. Эгерде Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 232-беренесинин 2-пунктуна ылайык Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна киргизилген товарлар менен операцияларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын уруксаты талап кылынса, мындай уруксат кызыкдар жактын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде, кайрылган күнү берилет. Уруксат өзүнчө документ катары жазуу жүзүндө же болбосо кызыкдар жактын жазуу түрүндөгү кайрылуусуна Кыргыз Республикасынын бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын тийиштүү түрүндө берилет. Эгерде товарлар менен жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында товарлардын мүнөздөмөлөрү тышкы ишкердиктин Товардык номенклатурасы боюнча товарлардын классификациясына туура келбегендей таризде өзгөрүп кетсе, уруксат берүүдөн баш тартууга жол берилет.
3. Товардын үлгүсү бир айдын ичинде бажы кампасына кайтарылып берилген учурларды кошпогондо, чет өлкөлүк товарлардын тандап алынган сынамыктарына жана үлгүлөрүнө карата алганда ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна ылайык, алар боюнча алып келүүдөгү бажы алымдары, салыктар төлөнүүгө тийиш.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-94" title="94-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>