Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
77-берене. Бажылык жол-жобонун шарттары сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июня 2017 года № 99
1. Бажылык жол-жобосунун шарттарын жана талаптарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул бөлүмдө аныкталган жактар тартат. Бажылык жол-жобосунун шарттары жана талаптары төмөнкүдөй себептерден улам сакталбаган учурларда гана жактар жоопкерчилик тартпайт: бажы контролу астында турган товарлар ушул Мыйзамда белгиленген шарттарды жана талаптарды бузбастан, ички керектөөгө чыгарылганга чейин, эгерде белгилүү бир бажы жол-жоболорун колдонуу менен операцияларды жасоого ушул бөлүмгө ылайык жол берилсе, авариянын же болбосо ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товар биротоло жоголгондо, бузулганда же жок болгондо, ошондой эле ташуунун, транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадыресе шарттарында табигый түрдө эскиргендигинин же азайгандыгынын натыйжасында товардын саны же абалы өзгөргөндө.
Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары алып кетилген товарларга же аларды кайра иштетүү продуктуларына карата жактар, эгерде авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товардын биротоло жоголгондугунан же жок болгондугунан улам, транспорттоонун, сактоонун жана пайдалануунун кадимки шарттарында табигый түрдө эскиргендигинин же азайгандыгынын натыйжасында товардын саны жана абалы өзгөргөндүгүнөн улам, ошондой эле чет мамлекеттердин органдарынын же кызмат адамдарынын укукка сыйбаган аракеттеринин натыйжасында товардын ээлик кылуудан чыгып калышынан улам бул товарлар же аларды кайра иштетүү продуктулары кайра кайтарылбай калса, жоопкерчилик тартпайт. Табигый түрдөгү эскирүүнү же азаюуну аныктоо максаттары үчүн Кыргыз Республикасында колдонулуучу ченемдер жана стандарттар колдонулат. Товарлардын биротоло жоголушуна, бузулушуна же жок болушуна, алардын санынын жана (же) абалынын өзгөрүшүнө алып келген жагдайларды ырастоо милдети ушул бөлүмдө каралган жактарга жүктөлөт. Чет мамлекеттин аймагында болуп өткөн жагдайлар Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин аймагында аккредитацияланган консулдук мекемелери тарабынан ырасталат.
2. (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
06.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аккредитацияланган консулдук мекемелери тарабынан ырасталат.
2. алынып салынды: Бажылык өкүл ушул Мыйзамдын 181-беренесине кошулду: (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамына ылайык алынып салынды: бажы төлөмдөрүн төлөөдө тилектештик жоопкерчилигин тартат.кошулду: күчүн жоготту)
(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 06.06.2017 · № 99 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-77" title="77-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>