76-берене. Товарларды бажылык жол-жобого киргизүү
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июня 2017 года № 99
1. Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген товарлар, төмөнкүдөй товарларды кошпогондо, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда бажылык жол-жобонун бирине киргизилүүгө тийиш:
1) Бажы бирлигинин бажы аймагында (Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин аймагында) чыгарылган;
2) Бажы бирлигинин аймагында чыгарылган товарлардан даярдалган же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарында ички керектөө үчүн чыгарылган.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетилүүчү товарлар, эгерде алар ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана шарттарда Бажы бирлигинин бажылык аймагынын чегинен сырткары чыгарууга арналса, бажылык жол-жобонун бирине киргизилүүсү керек.
3. Товарлар бажылык жол-жобого киргизилген күн болуп, Кыргыз Республикасынын бажы органы товарды ушул Мыйзамга ылайык чыгарган күн эсептелет.
(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
76-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
06.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…даярдалган же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарында алынып салынды: эркин жүгүртүү кошулду: ички керектөө үчүн чыгарылган.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетилүүчү … бажы органы товарды ушул Мыйзамга ылайык чыгарган күн эсептелет.
кошулду: (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-76" title="76-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>