Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-берене. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын маалыматтарды алуусу жана берүүсү
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июня 2017 года № 99
1. Мамлекеттик органдар жана жактар бажы органдарына ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык берген маалыматтар бажы максаттарында гана, анын ичинде укук бузууларга бөгөт коюу үчүн пайдаланылат.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органдары жана алардын кызмат адамдары ушул берененин 4-пунктунда каралгандан башка учурларда, мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматты, ошондой эле коммерциялык, банктык, салыктык маалыматты же мыйзам менен корголуучу башка сырларды жана башка купуя маалыматтарды ачыкка чыгарууга, жеке максаттарда пайдаланууга, же болбосо үчүнчү жактарга, анын ичинде мамлекеттик органдарга берүүгө укуксуз.
3. Коммерциялык сырды түзгөн же купуя болуп эсептелген маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн бажы органы жана анын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Бажы органдары расмий суроо-талаптар боюнча Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй мамлекеттик органдарына маалымат беришет:
1) укук коргоо органдарына - бажы иши тармагында укук бузган адамдарга карата козголгон кылмыш-жаза иштери боюнча гана;
2) сотторго, соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө - алардын талап кылуусу боюнча;
3) банкроттуктагы иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга) - алардын Кыргыз Республикасынын банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында, банкроттук процесс козголгон субъекттер боюнча гана;
4) салык кызматынын органдарына - алардын ушул Мыйзамда жана (же) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган милдеттерин аткаруу максатында;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына - Кыргыз Республикасынын алардын иш-аракеттерин жөнгө салуучу мыйзамдарында белгиленген учурларда;
6) башка мамлекеттердин бажы, салык же укук коргоо органдарына - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, бажы, салык же укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташуу жөнүндөгү эл аралык келишимдерге ылайык.
7) монополияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга атаандаштыкты жана ак ниет эмес атаандаштыкты чектөөгө багытталган макулдашуулар, макулдашылган аракеттер (картелдер) боюнча иштерди кароонун алкагында.
5. Ушул берененин 4-пунктуна ылайык алынган маалымат ачыкка чыгарылууга жана таркатылууга жатпайт.
(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 июня 2017 года № 99 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
06.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өз ара кызматташуу жөнүндөгү эл аралык келишимдерге ылайык. кошулду: 7) монополияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга атаандаштыкты жана ак ниет эмес атаандаштыкты чектөөгө багытталган макулдашуулар, макулдашылган аракеттер (картелдер) боюнча иштерди кароонун алкагында. 5. Ушул берененин 4-пунктуна ылайык алынган маалымат ачыкка чыгарылууга жана таркатылууга жатпайт. кошулду: (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>