4-берене. Бажы мыйзамдарынын мезгил аралыгында колдонулушу
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актылары алар күчүнө кирген күндөн кийин келип чыккан мамилелерге карата колдонулат жана ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленгенден башка учурларда артка карай колдонулбайт.
2. Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актыларынын жактардын абалын жакшырткан жоболору, эгерде актыда түздөн-түз каралса, артка карай колдонулат.
3. Эгерде Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын актылары расмий жарыяланган күндөн кеминде 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 479 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгарууга (экспорттоого) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө…Постановление · 16.09.2019 · № 479
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 16-сентябрындагы № 479 токтомуПостановление · 16.09.2019 · № 479
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>