КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгарууга (экспорттоого) бажы алымдарынын ставкаларын белгилөө жөнүндө
Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү сырьелук ресурстар менен камсыздоо, өндүрүшкө дем берүү жана даяр продукцияны экспорттоону көбөйтүү максатында, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Түстүү жана кара металлдардын сыныктары менен калдыктарын ташып чыгарууга (экспорттоого) бажы алымдарынын ставкалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген ташып чыгарууга (экспорттоого) бажы алымдарынын ставкалары Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эркин соода зоналары жөнүндө макулдашуулардын мүчө мамлекеттеринин чегинен сыртка ташып чыгарылган товарларга карата колдонулаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу
Кыргыз Республикасында мыйзамсыз алып өтүүгө (ташып чыгууга) бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул токтомдун кабыл алынгандыгы тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Дүйнөлүк Соода Уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул токтомдун кабыл алынгандыгы тууралуу белгиленген тартипте кабарласын.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон