35-берене. Бажы бирлигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин Товардык номенклатурасы
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Тышкы экономикалык иш-аракеттин тышкы соода-сатыктык жана башка түрлөрүн бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу үчүн, Кыргыз Республикасынын тышкы соодасынын бажылык статистикасын жана Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигине мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын статистикасын жүргүзүү үчүн Бажы бирлигинин тышкы экономикалык иш-аракетинин Товардык номенклатурасы (мындан ары - тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы) колдонулат.
Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасы - ал товардык позицияны, субпозицияны жана кичисубпозицияны жана аларга тиешеси бар классификациялык (цифралык) коддорду камтыган товарлар классификатору. Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын ажыралгыс бөлүгү болуп, кандай деңгээлде болбосун классификациянын позицияларына карата эскертүүлөр, ошондой эле Тышкы экономикалык иш-аракеттин товардык номенклатурасын интерпретациялоонун Негизги эрежеси саналат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасынын эл аралык негиздерин иштеп чыгуу, өзгөртүү, толуктоо, чечмелөө жана колдонуу жагында эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасын билдирет;
2) Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасынын эл аралык негизин өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго, бул негизди чечмелөө боюнча эл аралык түшүндүрмөлөргө жана чечимдерге мониторинг жүргүзөт;
3) кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте Тышкы экономикалык иш-аракеттин Товардык номенклатурасын иштеп чыгуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды даярдоону камсыз кылат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-35" title="35-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>