34-берене. Товар чыгарылган өлкөнү аныктоодо товарды чыгаруунун шарттары
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Товар чыгарылган өлкөнү ырастоочу документтер болбогон учурда же берилген документтер талаптагыдай таризделбегендиги жана (же) анык эмес маалыматтарды камтыгандыгы аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын бажы органы, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарды өткөрүүдөн баш тартат (47-глава).
2. Товардын чыгарылган жери ушул Мыйзамдын 30-32-беренелерине ылайык так аныкталбаган башка учурларда товар соодалык-саясий мамилелерде бир кыйла оңтойлуу режим каралбаган өлкөдөн чыккан товарларга карата колдонулуучу коюмдар боюнча бажы алымдарын төлөө менен чыгарылат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларга карата Кыргыз Республикасынын бажы органы бажылык декларацияны кабыл алган күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин ушул товар чыгарылган өлкө тастыкталган шартта кыйла оңтойлуу режим же преференциялык режим колдонулат (калыбына келтирилет). Бул учурда алып келүүнүн бажы алымдарынын төлөнгөн суммалары Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 13-главасына ылайык кайтарып берилүүгө (эсепке алынууга) жатат.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-34" title="34-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>