283-берене. Мамлекеттик менчикке айландырылбаган товарларды тескөө
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 54-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Кармалган товарларды, ушул Мыйзамдын 251-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан алып коюлган товарларды тескөө товарларды пайдалануу, сатуу, жок кылуу же кайра иштетүү (утилдештирүү) боюнча ыйгарым укуктар берилген уюмдар, ишканалар, мекемелер (мындан ары - ыйгарым укуктуу уюм) тарабынан сатууга, жок кылуу же утилдештирүү жолу менен ишке ашырылат.
2. Товарларды кармоону же алып коюуну жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын бажы органы Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 21-главада белгиленген кармалган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин же ушул Мыйзамдын 251-беренесинде белгиленген алып коюлган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаганга чейин алдын ала, бирок он беш күндөн кем эмес убакытта декларантка, ал эми товарды ээси декларациялоо жүргүзбөгөн болсо - товардын ээсине жазуу жүзүндө билдирет, эгерде товардын ээси чет өлкөлүк жак болсо же Кыргыз Республикасынын бажы органында товардын ээси жөнүндө маалымат жок болсо, товар кармалган учурда аталган товарларга ээлик кылган жакка, же товар алып коюлган жакка, ушул главага ылайык кармалган товарларды же алып коюлган товарларды пайдаланууга мүмкүнчүлүк бериле турган учурдун башталуу датасы, аларды өткөрүп берүүнүн датасы тууралуу жазуу жүзүндө билдирилет. Мындай жазуу жүзүндөгү билдирүү тил каттын негизинде же алгандыгын жана алган күнүн ырастаган башка ыкмалардын жардамы менен ушул бөлүктө аталган жактарга тапшырылууга тийиш. Тез бузулуучу товарлар кармалган учурда мүмкүн болгон ыкчам байланыш каражаттары, ошону менен бирге электрондук маалымат жиберүүнүн байланыш каражаттары менен мындай товар кармалган күнү билдирилүүгө тийиш.
3. Товарларды кармоону же алып коюуну жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын бажы органы Бажы бирлигинин Бажы кодексиндеги 21-главада белгиленген кармалган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаган күндөн же ушул Мыйзамдын 251-беренесинде белгиленген алып коюлган товарларды сактоо мөөнөтү аяктаган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сактоо мөөнөтү аяктагандыгы тууралуу эки нускада акт түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын бажы органынын ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык актысы бир нускасы акт түзүлгөн күндөн кийинки үч жумуш күндөн кечиктирилбестен алгандыгын күбөлөндүрүүчү тапшыруу кат аркылуу ушул берененин 2-бөлүгүндө аталган жактарга жиберилет. Актынын экинчи нускасы Кыргыз Республикасынын бажы органында калат. Кыргыз Республикасынын бажы органы күбөлөндүргөн актынын көчүрмөсү убактылуу сактоочу кампанын ээсине же бажы кампасынын ээсине, же болбосо кармалган же алып коюлган товарлар сактоодо турган жакка берилет.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган Кыргыз Республикасынын бажы органынын актысы, кармалган же тартып алынган товарларды ушул беренеге ылайык пайдаланууга негиз боло алат.
6. Товарларды кармоону же алып коюуну жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын бажы органы бажы алымдарынын, салыктардын суммасынын эсебин төмөнкүлөргө карата алат:
1) кармалган товарларга карата, мындай товарларды ички керектөө үчүн чыгаруунун бажылык жол-жобосуна жайгаштырууда төлөнүүгө тийиш болгон, алар кармалган күнгө карата эсептелген бажы алымдарынын, салыктардын суммаларына жараша;
2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 81-беренесине ылайык алып коюлган товарларга карата.
7. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органы кармалган же алынып коюлган товарларды сактоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аларды сактоо мөөнөтүнүн аякташы, товарлардын турган орду, алардын саны жана товарларды кабыл алуу жана алып чыгуу үчүн ыйгарым укуктуу уюмга зарыл болгон башка мүнөздөмөлөрү жөнүндө кармоонун протоколунун көчүрмөсүн, ошондой эле ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык жүргүзүлгөн бажы алымдардын, салыктардын суммасын төлөөгө тийиш болгон эсепти тиркөө менен билдирет. Эгер кармалган же алып коюлган товарлар тез бузулуучу болсо, товарлар кармалган же алынган күнү, маалыматты электрондук түрдө берүүнү кошуп алганда мүмкүн болгон ыкчам байланыш каражаттарын пайдалануу аркылуу, бул товарлар тез бузулуучу экендигин көрсөтүү менен билдирүү берилет. Кармалган же алып коюлган товарларды сактоо мөөнөтү бүткөндүгү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы, эгерде ушул жактар аныкталса, товардын декларантына же анын менчик ээсине, же башка мыйзамдуу ээсине же товары алып коюлган жакка кабарлайт.
8. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органы мындай товарларды кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча ыйгарым укуктуу уюмга берет.
9. Ыйгарым укуктуу уюм же анын өкүлү ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган бажы органынан билдирүүсүн алган күндөн кийинки он жумуш күндөн кечиктирбестен кармалган же алып коюлган товарларды бажы органынан кабыл алат жана эсепке алуу, баалоо жана тескөө үчүн алып кетет. Товарларды кармоону же алып коюуну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын бажы органы ыйгарым укуктуу уюмдун жүйөлөнгөн кайрылуусу боюнча товарларды кабыл алуу жана алып кетүү мөөнөтүн бир айдан көп эмес узартууга укуктуу. Тез бузулуучу товарлар ушул берененин 7-бөлүгүндө каралган Кыргыз Республикасынын бажы органынан билдирүүсүн алган күндөн кийинки үч жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө тескөө үчүн ыйгарым укуктуу уюм тарабынан кабыл алынууга тийиш.
10. Кармалган же алып коюлган товарларды сатуу ыйгарым укуктуу уюм тарабынан базар баалары боюнча жүзөгө ашырылат.
11. Ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык төлөнүүгө тийиш болгон жана Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан эсептелген бажы алымдарынын, салыктардын толук суммасын мамлекеттик бюджетке которууну камсыз кылуу максатында мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок кабыл алуу-өткөрүү актысынын күнүнөн үч айдан кеч эмес мөөнөттө ыйгарым укуктуу уюм тарабынан мындай товарларды тескөө жүргүзүлөт.
12. Эгерде ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде кармалган же алып коюлган товарлар сатылбаса, ыйгарым укуктуу уюм Кыргыз Республикасынын бажы органы менен сатуу мөөнөтүн дагы эки айдан узак эмес узартууну макулдашат.
13. Эгерде кармалган же алып коюлган товарларды сактоого чыгымдар алардын наркынан ашса, мындай товарлар жок кылынат же ыйгарым укуктуу уюм тарабынан кайра иштетилет (утилдештирилет).
14. Кармалган же алып коюлган товарларды жок кылуу же кайра иштетүү (утилдештирүү), ошондой эле мындай товарларды сактоо жана ташуу менен байланышкан чыгымдарды төлөө - ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактардын эсебинен, ал эми мындай жактар болбогондо, эгерде товарлардын айрым категорияларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен башкача каралбаса, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
15. Кармалган же алып коюлган товарларды кабыл алуу-өткөрүү акты боюнча кабыл алган учурдан тартып аларды сатуу, жок кылуу же кайра иштетүү (утилдештирүү) учуруна чейин ыйгарым укуктуу уюм алардын сакталышын камсыз кылат жана алар жоголгон учурда төмөнкүлөрдүн алдында жоопкерчилик тартат:
1) жоголгон товарларга бажы алымдарынын, салыктардын суммасын төлөөгө тийиш өлчөмдө акча каражаттарын мамлекеттик бюджетке төлөө боюнча Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын алдында;
2) Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 149-беренесине ылайык кармалууга жатуучу сумманы эсептен чыгаруу менен жоголгон товарлардын наркын алардын ээлери болгон жактарга төлөп берүү боюнча ушул жактардын алдында.
16. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактар товарларды ыйгарым укуктуу уюмга берүүгө чейин Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган Бажы бирлигинин бажы аймагынан сыртка товарларды алып чыгуу, аларды бажылык декларациялоо же Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 152, 170, 185, 192, 208, 231, 234, 305 жана 354-беренелеринде каралган башка аракеттерди жүргүзүү боюнча милдеттерди аткарса, Кыргыз Республикасынын бажы органы мындай жактарга кармалган же алып коюлган товарларды берүүдө тоскоолдук кылууга укуксуз.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
283-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-283" title="283-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>