Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
282-берене. Администрациялык укук бузуулардын же кылмыштардын предмети болуп эсептелбеген товарларды жана бул товарларга документтерди кармоо
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 54-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдары, администрациялык укук бузуулардын жана кылмыштардын предмети болбогон товарларды жана алардын документтерин Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 145-беренесинин 1-пунктунда каралган негиздерге ылайык кармайт.
2. Администрациялык укук бузуулардын жана кылмыштардын предмети болуп саналбаган товарларды жана алардын документтерин кармоодо Бажы Комиссиясы тарабынан аныкталган формадагы протокол түзүлөт, көчүрмөлөрү ташуучуга, убактылуу сактоо кампасынын ээсине же кармалган товарлар сактоодо турган жайдын ээсине, ошондой эле, эгерде Кыргыз Республикасынын бажы органдары белгилеген болсо, товарды алуучуга же товарды жөнөтүүчүгө берилет.
3. Ушул берененин 1-пунктунда белгиленген кармалган товарларды жана документтерди убактылуу сактоо мөөнөтү аяктаган же Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары алып чыгуу үчүн, аларды декларациялоо же ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган кармоо протоколунун негизинде Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 152, 170, 185, 192, 208, 231, 234, 305 жана 354-беренелеринде каралган башка аракеттерди жасоо үчүн Бажы бирлигинин Бажы кодексинде белгилеген башка мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан алынып салынат.
4. Кармалган товарлар ушул Мыйзамдын 69-беренесине ылайык убактылуу сактоо кампасына жайгаштырылат же Кыргыз Республикасынын бажы органдары иш жүргүзгөн региондо кампаларда сактоо кызматын көрсөткөн уюмдарга сактоого берилет. Өзгөчө сактоочу шарттарды талап кылган товарлар адистешкен тиешелүү уюмдарга (ишканаларга) сактоого берилет. Аталган товарларды сактоого берүүдө өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысы түзүлүп, бир нускасы Кыргыз Республикасынын бажы органында калат, экинчи нускасы сактоого алган уюмга (ишканага) берилет. Мындай актынын көчүрмөсү, эгерде Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилеген болсо, товардын мыйзамдуу ээсине берилет.
5. Кармалган товарлар жана бул товарлардын документтери Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 147-беренесинде каралган учурларда кайтарылып берүүгө тийиш. Аталган товарларды кайтарып берип жаткан жакка же анын өкүлүнө, ошондой эле аларды сактоого алган жакка же анын өкүлүнө кайтарып берүүдө үч нускадан турган акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамдарынын колу коюлат. Аталган актынын биринчи нускасы Кыргыз Республикасынын бажы органында калтырылат, экинчи нускасы кармалган товарлар кайтарылып берилип жаткан жакка же анын өкүлүнө, үчүнчү нускасы кармалган товарларды сактоого алган жакка же анын өкүлүнө берилет.
6. Кармалган документтер кармалган товарлар кайтарылып берилип жаткан жакка же анын өкүлүнө кайтарылып берилет. Кармалган документтерди кайтарылып берилип жаткан жакка же анын өкүлүнө кайтарып берүүдө, эки нускадан турган акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын бажы органынын кызмат адамдарынын колу коюлат. Экинчи нускасы кармалган документтер кайтарылып берилип жаткан жакка же анын өкүлүнө берилет.
7. Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 146-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын бажы органы товар кармалган күндөн тартып бир айдын ичинде кармалган товарларды сактоого алат, жарактуулук мөөнөтү кармалган учурдан тартып жыйырма төрт саат болгон тез бузулуучу товарлар жана Бажы бирлигинин бажы аймагына алып келүүгө тыюу салынган же ушул аймактан алып чыгууга тыюу салынган, жарактуулук мөөнөтү кармалган учурдан тартып үч суткалык болгон товарлар сактоого алынбайт.
8. Ушул берененин 7-бөлүгүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин, эгерде кармалган товарлар талап кылынбаса, ушул Мыйзамдын 283-беренесине ылайык сатууга, жок кылууга же утилдештирүүгө жиберилет.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-282" title="282-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>