28-берене. Товарлар чыгарылган өлкө жөнүндө жалпы жоболор
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Бажы бирлигинин мүчөсү болуп эсептелбеген мамлекеттерде чыгарылган товарларды Кыргыз Республикасына аймагына киргизүүдө алар чыгарылган өлкөнү аныктоо товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоонун бирдиктүү эрежелери жөнүндө Макулдашууга жана Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 7-главасына ылайык ишке ашырылат.
2. Бажы бирлигине мүчө мамлекеттерде чыгарылган товарлар чыккан өлкөнү аныктоо зарыл болгондо, эгерде Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдеринде башкача белгиленбесе, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эркин соода аймагынын алкагында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленген, товарлар чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелери колдонулат.
3. Товарлар чыгарылган өлкө декларант тарабынан, ал эми ушул Мыйзам менен белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан аныкталат. Товарлар чыгарылган өлкө товарларды бажылык декларациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы органына декларант тарабынан билдирилет. Товарлардын декларант тарабынан билдирилген келип чыгышы Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык документалдуу ырасталууга тийиш.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>