Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
27-берене. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестри
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июня 2017 года № 99
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрин түзөт жана алып барат.
2. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестринде камтылган маалымат таанышуу үчүн ачык болот жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-ресурсунда жайгаштырылат. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестринде камтылган маалыматты мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого жол берилет.
3. Бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестри өзүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүктүн номери жана датасы;
2) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө жокко чыгарылган күбөлүктөр жөнүндө;
3) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизүү жөнүндө мурун берилген күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото турулушу жөнүндө;
4) бажы ишинин чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзүүчү жактардын реестрине киргизилген жактардын юридикалык дареги;
5) убактылуу сактоочу кампалардын, бажы кампаларынын, алымсыз соода-сатык дүкөндөрүнүн жана ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун кампалары жайгашкан жерлер жөнүндө;
6) бажылык өкүлдүн өзүнчөлөнгөн структуралык бөлүктөрүнүн тизмеги жана жайгашкан жерлери жөнүндө;
7) бажылык өкүлдүн штатындагы бажы операциялары боюнча адистер жөнүндө;
8) ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор үчүн атайын жөнөкөйлөтүштөрдү берүү жөнүндө;
9) атайын жөнөкөйлөтүштөрдү колдонуу менен бажы операциялары жүргүзүлө турган Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын аталыштары;
10) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылуунун ыкмалары жөнүндө;
11) бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылууну ырастоочу документтин номери жана датасы;
12) транспорттун түрлөрү жөнүндө;
13) кошумча маалыматтар.
4. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү чечимди кабыл алган күндөн тартып он беш жумуш күндөн ашпоого тийиш.
(КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун реестрине киргизүү тууралуу күбөлүктү берүүнүн, колдонулушун токтотуунун жана чакыртып алуунун Тартиби (Кыргыз Республикасынын…Порядок · 27.07.2015 · № 536 · Күчүн жоготкон
- ПОЛОЖЕНИЕ "о таможенном представителе"Положение · 10.08.2015 · № 564 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-27" title="27-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>