Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жана бажы иши
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
1. Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу - бул, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу Кыргыз Республикасында товарларды которуштурууга, аларды бажылык контролдоо менен Бажы бирлигинин бирдиктүү бажы аймагы (мындан ары - Бажы бирлигинин бажы аймагы) боюнча ташууга, аларды бажылык жол-жобосуна ылайык убактылуу сактоого, бажылык декларациялоого, чыгарууга жана пайдаланууга, бажы контролун жүргүзүүгө, бажы төлөмдөрүн төлөөгө байланышкан мамилелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын (мындан ары - бажы органдары) жана жогоруда көрсөтүлгөн товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашыруучу жактардын ортосундагы бийликтик мамилелерди укуктук жөнгө салуу.
2. Бажы иши Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарын сактоону камсыз кылуучу каражаттардын жана методдордун жыйындысын билдирет.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 15.11.2013 · № 201
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 25.02.2010 · № 35
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 10.01.2013 · № 1 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>