1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу максаттары
Күчүн жоготкон · 24.04.2019 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 52.
Ушул Мыйзамдын максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Бажы бирлигинин келишимдик-укуктук базасын түзгөн эл аралык келишимдердин, Бажы бирлигинин органдарынын бажылык жөнгө салуу жана бажы иши жаатындагы чечимдеринин Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышын камсыз кылуу;
2) товарлар менен тышкы соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;
3) бажы иши жаатында мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү;
4) товарларды Кыргыз Республикасына алып келүү жана аларды Кыргыз Республикасынан алып чыгуу менен байланышкан иш-аракетти жүзөгө ашыруучу жактардын, бажылык иш-аракет чөйрөсүндө иш-аракет жүргүзгөн жактардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынан ташылып чыккан жана Кыргыз Республикасына ташылып келген товарларга ээлик кылуу, аларды пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашыруучу башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;
5) тышкы экономикалык иш-аракетти жана тышкы соода иш-аракетин, бажы иши жаатындагы инфраструктураны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.
Берененин тексти 24.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 631 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 29.11.2016 · № 631 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына nөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынЗакон · 16.05.2008 · № 87 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205436/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>