14-берене. Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 29
1. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контроль жана көзөмөл боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кызмат адамдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
2. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контроль жана көзөмөл боюнча функцияларды ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине административдик иш жана административдик жол-жоболор жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
3. Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү жарандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
(КР 2020-жылдын 20-мартындагы № 28, 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О карантине растений"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 марта 2020 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О семенах", "О химизации и защите растений", "О карантине растений")"Редакцияларды салыштыруу
15.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…органынын кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине кошулду: административдик иш жана административдик жол-жоболор жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы … күнөөлүү жарандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Бузуулар кошулду: Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.
(КР 2020-жылдын 20-мартындагы № алынып салынды: 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)кошулду: 28, 2023-жылдын 15-февралындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205424/st-14" title="14-берене - Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>