13-берене. Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы эл аралык кызматташтыгы
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 4-глава
1. Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күнүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Эл аралык кызматташтык төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:
чет мамлекеттердин карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдары менен карантиндик фитосанитардык коопсуздук жөнүндө зарыл маалыматтарды алмашуу; чет мамлекеттердин карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдарына карантинге алынуучу өндүрүмгө коюлуучу талаптар жана карантинге алынуучу өндүрүмгө карата белгиленген чектөөлөр тууралуу кабарлоо; чет мамлекеттердин карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук уюмдарына Кыргыз Республикасына алып келинген карантинге алынуучу өндүрүмдүн Кыргыз Республикасынын карантиндик жана фитосанитардык талаптарына ылайык эместиги жөнүндө жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгарылган карантинге алынуучу өндүрүмдүн чет мамлекеттердин карантиндик фитосанитардык талаптарына жооп бербеген учурда жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө кабарлоо.
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 66 "Карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 16.02.2024 · № 66
- Карантиндик объекттер жуккан карантинге алынуучу продукцияны алып коюу, жок кылуу жана кайтарып берүү боюнча фитосанитардык чараны колдонуу Тартиби (КР Министрлер Кабинетинин…Порядок · 16.02.2024 · № 66
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205424/st-13" title="13-берене - Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>