11-берене. Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу кызмат адамы тарабынан карантинге алынуучу өндүрүмдү, карантинге алынуучу объекттерди карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу жөнүндө көрсөтмө берилгенде; эгерде карантинге алынуучу өндүрүмгө карантиндик объекттер жугуп калса, карантинге алынуучу өндүрүмдүн менчик ээси карантиндик фитосанитардык чара катары ушул жол-жобону тандап алганда.
2. Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандырууга аны жүргүзүүчү жерде адамдардын өмүрүнө же саламаттыгына, айлана-чөйрөгө зыян келтирүү коркунучу келтирилбегендей ыкмалар менен жүргүзүү үчүн шарттар камсыз кылынганда гана жол берилет.
3. Көрсөтүлгөн зыянсыздандыруу боюнча ишти аткаруунун сапатын камсыз кылуучу карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу усулдарына жана ыкмаларына талаптар, алардын натыйжаларын тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- «Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантинге алынчу продукцияны, транспорт каражаттарын зыянсыздоо, кампа жайларды өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо ченемдерине…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерин жүргүзүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба…Положение · 29.11.2023 · № 431-НИ
- Жыгач таңгактоочу же бекитүүчү материалды маркалоо тартибин жана аларды түшүрүү ыкмасы (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 431-НИ…Порядок · 29.11.2023 · № 431-НИ
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдын 14-ноябрындагы №2 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик…Приказ · 14.11.2018 · № 2 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерин уюштуруу жөнүндө тартип(Кыргыз Республикасынын Айыл чарба…Порядок · 23.01.2020 · № 1-дп · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк…Постановление · 28.05.2018 · № 254 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205424/st-11" title="11-берене - Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>