Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерин жүргүзүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин буйругуна ылайык) жобо
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин буйругуна № 2 тиркеме
Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерин жүргүзүү жөнүндө жобо
Жалпы жоболор
1. Ушул карантинге алынган объекттерди газация ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерин уюштуруу жөнүндө тартиби (мындан ары–Тартип) «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 11 беренелерине, Евразиялык экономикалык кеңештин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 чечими менен бекитилген Евразиялык экономикалык бирликтин бажы чек арасындагы жана бажы аймагындагы карантинге алынган продукцияга жана карантинге алынган объекттерге коюлган бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын VII жана X главаларына, Өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча эл аралык конвенциясына жана Фитосанитардык чаралар боюнча №15 эл аралык стандартына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Тартип ошондой эле ишканаларга жана жеке ишкерлерге зыянсыздандырууну жүргүзүүгө уруксат берүүнү аныктайт.
3. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүү укугун ушул Тартипте белгиленген укукка ээ болгон юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге (мындан ары – аткаруучу) өткөрүп бере алат.
4. Экспортоо жана импорттоо учурунда карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштери жана аларды дегазациялоо боюнча иштер ыйгарым укуктуу органдын фумигациялык тобу тарабынан ишке ашырылат.
5. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүлөрдү түшүнүктөр колдонулат:
газациялоо – карантинге алынган объекттерди ууктургуч заттардын – фумиганттардын буусу же газдары менен зыяндуу организмдерди жоготуу максатында зыянсыздандыруу; дегазациялоо – газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандырылган карантинге алынган объекттерди вентиляция аркылуу тазалоо, желдетүү.
2. Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо боюнча иштерди уюштуруу жөнүндө тартип
6. Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштери жана аларды дегазациялоо боюнча иштери, алардын ээлери, пайдалануучулар, жүк алуучулардын (мындан ары – карантинге алынган объекттердин ээлери) эсебинен, ыйгарым укуктуу органдын фумигациялык тобу тарабынан жана ушул Тартипте белгиленген талаптарга жооп берген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер менен түзүлгөн келишимдин негизде жүргүзүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген карантинге алынган продукция Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында же жеткирип баруучу жерлерде төмөнкү учурларда газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандырылууга тийиш:
‒ Евразиялык экономикалык бирликтин чечими менен бекитилген Карантиндик объекттердин (өсүмдүк зыянкечтеринин, өсүмдүктөрдүн жана отоо чөптөрдүн ооруларын козгогучтардын) бирдиктүү тизмесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жок болгон зыяндуу организмдердин тизмесине ылайык карантинге алынган продукцияда (карантинге алынган материалда, карантинге алынган жүктө) карантиндик өсүмдүк зыянкечтери табылса; ‒ Кыргыз Республикасынын аймагына карантиндик объекттер таралган башка өлкөлөрдөн өсүмдүктөрдүн карантиндик зыянкечтеринин кирип кетүүсүн алдын алуу максатында профилактикалык зыянсыздандыруу.
8. Карантинге алынган продукция Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылган убакта, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында же жүк жүктөлгөн жерлерде төмөнкү учурларда газация ыкмасы менен зыянсыздандырылууга тийиш:
‒ зыянсыздандырууну жүргүзүү контрактта каралган; ‒ 1 тиркемеге ылайык жүк ээсинин арызы боюнча; ‒ өсүмдүктөрдүн карантини жана аларды коргоо боюнча расмий улуттук мекеменин талабынын негизинде.
9. Кыргыз Республикасынын аймагында жайылуу булагы катары каралган зыяндуу организм төмөнкү учурларда зыянсыздандырылууга тийиш:
‒ алардын жайгашкан жерлеринде жылына, бир жолудан кем эмес, профилактикалык максатта; ‒ өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык органдарынын кызмат адамдарынын жазма эскертүүсү боюнча; ‒ зыяндуу организмдердин карантинге алынган объекттери табылса.
10. Транспорт каражаттары карантинге алынган продукцияларды ташуу алдында, аларды жүктөө жерлеринде же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында аларда өсүмдүктөрдүн карантиндик зыянкечтери табылган учурда профилактикалык зыянсыздандырылууга тийиш (аба учагын кошпогондо).
11. Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу жөнүндө жазма эскертүү өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык органынын кызмат адамы тарабынан, мамлекеттик карантиндик фитосанитардык контролдун жыйынтыгы боюнча берилет, Фитосанитардык текшерүү актысына тийиштүү жазуулар жазылат.
Эгерде продукция ээси продукцияны зыянсыздандыруудан баш тартса, же зыянсыздандырууну жүргүзүү мүмкүн болбосо, ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы карантинге алынган продукцияны продукциянын ээсинин эсебинен кайтарып берүү жөнүндө жазма эскертүү берет.
12. Карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштери Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин 2021-жылдын 21-июнундагы № 1- дп буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында пайдаланууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогундагы (мындан ары – Каталог) препараттар менен жүргүзүлөт.
13. Төмөнкү иш-чаралар аяктаганда:
‒ аткаруучу жана карантинге алынган объекттердин ээлери тарабынан карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштери жана аларды дегазациялоо боюнча иштери аяктаганда, 2-тиркемеге ылайык Зыянсыздандыруу боюнча аткарылган иштердин актысы түзүлөт; ‒ Кыргыз Республикасынын аймагынан карантинге алынган продукцияны алып чыгаруу учурунда, карантинге алынган продукцияны газация ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштери аяктаганда, 3-тиркемеге ылайык, жүк ээсине карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу актысы берилет.
14. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын же анын аймактык органынын өкүлү карантиндик объекттердин ээлерине берилген актынын негизинде фитосанитардк сертификаттын зыянсыздандырууга тийиштүү пункттарын толтурат.
3. Карантиндик фитосанитардык зыянсыздандыруу боюнча иштердин түрлөрү
15. Биринчи класстагы коркунуч тобуна киргизилген пестициддерди пайдалануу менен жүргүзүлгөн иштер
Каталогго ылайык биринчи класстагы опурталдуу пестициддерди колдонуу менен карантинге алынган продукцияда же карантинге алынган объекттерде зыяндуу организмдерди жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу боюнча иштер. Карантинге алынган продукциядагы жана карантинге алынган объекттердеги пестициддерди азайтуу максатында аларды желдетүү, вентиляция жолу менен тазалоо (дегазациялоо) аркылуу жок кылуу, пестициддердин газдарын, бууларын чыгаруу иштери, пестициддерди жана агрохимикаттарды коопсуз колдонуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген пестициддерди колдонуу регламенттеринде каралган учурларда аткарылат.
16. Экинчи, үчүнчү, төртүнчү класстагы коркунуч тобуна киргизилген пестициддерди колдонуу менен аткарылуучу иш-чаралар.
Карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди Каталогго ылайык, экинчи, үчүнчү, төртүнчү класстагы коркунуч тобуна киргизилген пестициддерди колдонуу менен жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу же жок кылуу иштери.
17. Карантинге алынган продукциядагы жана карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу иштерин аткарууда төмөнкү ыкмалар колдонулат:
1) Ысытуу ыкмасы – карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди ысытуу ыкмасы менен жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу иштери;
2) Муздатуу ыкмасы (рефрижерация) – карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди температураны төмөндөтүү ыкмасы (рефрижерация) менен жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу иштери;
3) Вакуумдук ыкма – карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди вакуумдун таасири менен жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу иштери;
4) Аба басымын көтөрүү ыкмасы – карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди аба басымын көтөрүү ыкмасы менен жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу иштери;
5) Нурлантуу ыкмасы – карантинге алынган продукциядагы же карантинге алынган объекттердеги зыяндуу организмдерди иондошкон (радиоактивдүү) нурлантуу ыкмасы менен жок кылуу же жашоо жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу, стерилизациялоо (репродуктивдик жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу) иштери.
4. Ишканаларга зыянсыздандырууну жүргүзүүгө уруксат берүү
18. Карантинге алынган материалдарды зыянсыздандыруу укугуна талапкер юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ушул Тартипте белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.
19. Карантинге алынган материалдарга зыянсыздандыруу жүргүзгөн юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге коюлуучу талаптар:
‒ айыл чарба, биология же санитардык-гигиена боюнча дипломдору бар жогорку билимдүү адистер; ‒ бардык адистер даярдоо жана кайра даярдоо боюнча адистештирилген курстарда үч жылда бир жолудан кем эмес даярдыктан өтүп турушат, фумиганттар жана башка пестициддер менен иштөө укугу жөнүндө күбөлүктөрү бар; ‒ мекемелерде пестициддер, анын ичинде газ түрүндөгүлөр менен иштөөдө керектүү жеке коргонуу каражаттары жана атайын кийимдер; кызмат имаратындагы жана атмосфералык абадагы пестициддердин иштөөчү концентрациясын жана калдык санын контролдоочу аспаптар, фумиганттар, аэрозолдор жана нымдуу-контакттык иштетүү газды буулантуу үчүн жабдуулар, аэрозолдук генераторлор, сепкичтер; врач келгенге чейинки биринчи жардам көрсөтүү үчүн аптечкалар; зыянсыздандыруу боюнча инструкциялык-методикалык китептер болууга тийиш; ‒ мекемелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №361 токтому менен бекитилген Айыл чарба өндүрүшүндө пестициддерди коопсуз пайдалануу, сактоо жана топтоо боюнча нускамага ылайык тешелүү түрдө жабдылган кампа жайлары болууга тийиш; ‒ мекемелерде пестициддерди, анын ичинде фумиганттарды ташуу үчүн атайын унаа каражаты болууга тийиш.
20. Карантинге алынуучу материалдарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүү укугуна ээ болгон уюмдар, ыйгарым укуктуу органдан ушул жобонун 19, 21-пункттарына ылайык жыл сайын уруксат алып турууга тийиш.
21. Аткаруучуга карантинге алынган материалдарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүү укугун бере турган ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын системасына кирбеген, карантинге алынган объекттерди зыянсыздандыруу шитерин аткарууга атайын ыйгарым укук алуу максатында зыянсыздандыруу иштерин жүргүзгөн мекемелердин арыздарын карап чыгуу боюнча комиссияны түзүү жөнүндө буйрук чыгарууга тийиш.
22. Аткаруучу карантинге алынган объекттерди зыянсыздаруу иштерин аткарууга арызды 4-тиркемеге ылайык берет. Арыз ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин атына жазылып, арызга төмөнкү документтер тиркелет:
‒ юридикалык жактын Бирдиктүү мамлекеттик реестрге киргизилгендиги тууралуу күбөлүк юридикалык жактын жеке ишкердик иш жүргүзүүгө укугу бар экендигин далилдейт; ‒ салык органдарында катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн оригиналы жана анын көчүрмөсү; ‒ юридикалык жак зыянсыздаруу иштерин аткарууга укугу бар экендигин далилдеген, уставдын оригиналы жана анын көчүрмөсү; ‒ кызматкерлердин жеке коопсуздугун камсыздаган каражаттардын документи; ‒ зыянсыздандыруу иштерин аткарууга керектүү жабдуунун документи; ‒ зыянсыздандыруу иштерин аткарууга керектүү препараттардын документи; ‒ зыянсыздандыруу иштерин аткарууда газациялоо жана дегазациялоо процессин контролдоочу каражаттардын документтери.
23. Карантинге алынган объекттерди зыянсыздандыруу иштерин аткаруучу мекменин жумушчуларында фумигациялоо (карантинге алынган объекттерди зыянсыздандыруу) иштерин жүргүзүү укугун тастыктаган күбөлүктүн болуусу зарыл. Алардын аттестациядан өткөн жана зыянсыздандыруу иштерин өз алдынча аткарууга уруксаты бар болууга тийиш.
24. Аткаруучулар карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо иштерин төмөнкүлөрдүн негизинде аткарышат:
‒ химиялык жактан коркунучтуу өндүрүш объекттеринде иш жүргүзүүгө берилген уруксаттын; ‒ зыянсыздандыруу боюнча инструкциялык-методикалык китептердин; ‒ карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу жана аларды дегазациялоо иштерин аткаруунун технологиялык схемасынын; ‒ зыянсыздандыруу параметрлерин ченөө үчүн колдонулган аспаптарга метрологиялык кызмат тарабынан берилген сертификаттардын; ‒ аткаруучунун карантинге алынган объекттерди зыянсыздарууга жооптуу, зыянсыздандыруу жаатында 1 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар жакты дайындагандыгы тууралуу ички тескөө документтин; ‒ алардын газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана дегазациялоо иштерин аткаруу боюнча квалификациясын тастыктаган мамлекеттик үлгүдөгү документтердин (диплом), ошондой эле өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органда кесиптик чеберчилик деңгээлин жогорулаткандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн.
25. Аткаруучу карантинге алынган объекттерди газациялоо ыкмасы менен зыянсыздандыруу иштерин жана аларды дегазациялоо иштерин төмөнкүлөр бар болгондо аткара алышат:
‒ ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык кызмат имаратындагы жана атмосфералык абадагы иштөөчү концентрациянын жана фумиганттардын калдык санын контролдоочу аспаптар, фумиганттарды жана газ бууланткычтарын колдонуу үчүн жабдуулар; ‒ ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык газациялоо иштерин жүргүзүүгө керектүү жабдуу; ‒ фумиганттарды сактоо үчүн жабдылган кампа жайлары; ‒ фумиганттарды ташуу үчүн атайын унаа каражаты; ‒ дарыгерлер келгенге чейинки биринчи жардам көрсөтүү үчүн аптечкалар; ‒ фумиганттар, анын ичинде газ түрүндөгүлөр менен иштөөдө колдонулуучу жеке коргонуучу каражаттар жана атайын кийим.
2-тиркеменин 1-тиркемеси
Карантинге алынган продукцияны, карантинге алынган объектти зыянсыздандыруу жүргүзүүгө
өтүнмө
Бишкек ш. «___»_______________20__ жыл _______________________________________________________ аткарууга (аталышы, иштин көлөмү жана аткаруу мөөнөтү)
Жүктүн келип чыгышы (мамлекет, обл., р-н, чарба) Жүк алуучу ____________________________________________ (жүк баруучу жер) ______________________________________________________ Арыз ээси төлөмдү камсыз кылат __________________________ ______________________________________________________ (аты-жөнү, дареги, телефону) Аткаруучу ______________________________________________ (аты-жөнү, кызмат орду)
___________ (дата)
_________________ (арыз ээсинин колу)
2-тиркеменин 2-тиркемеси
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган № ФИТОСАНИТАРДЫК ТЕКШЕРҮҮ АКТЫСЫ
Облус__________________________________________________________ Район __________________________________________________________ Шаар ____________________________ Айыл округу же калктуу конуш ________________________________________________________________ Чарба же айыл чарба кошууну ________________________________________________________________ Арыз ээсинин дареги (жеке жактар үчүн) ________________________________________________________________ Чарба ээсинин толук аты-жөнү ________________________________________________________________ ________________________________________________________________ табуу максатында карантиндик фитосанитардык текшерүүчү чарбанын, мекеменин ээсинин же өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлдү. ________________________________________________________________ Текшерүү күнү «____» _____________________________20____ж.
Участоктун номери жана аталышы
Өсүмдүк
Өсүмдүк эгилген жалпы аянт (га)
Текшерилди
Булганган
Дарылоо талап кылынат
Зыянкечтин тукуму
Көпөлөк куртунун жашы
га
бактар (даана)
га
бактар (даана)
Бардыгы:
Текшерүүчү _________________ аты-жөнү ________________________________ колу МО Чарбанын, мекеменин ээси (өкүлү) ________________ аты-жөнү _________________________ колу
Эскертүү. акт 2 нускада толтурулат (1 – чарба, айыл чарба кошуунунун өкүлүнө, 2 – аймактык органга).
2-тиркеменин 2 (б)-тиркемеси
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканалардагы элеваторлор, кампалар, сактоочу жайлар жайгашкан аймактарда карантиндик жана жөнгө салынуучу карантиндик эмес объекттерди табуу максатында
№ ФИТОСАНИТАРДЫК ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮҮ АКТЫСЫ
Облус__________________________________________________________Район________________________ Шаар ____________________________ Айыл округу же калктуу конуш ____________________________________________________Чарба же айыл чарба кошууну____________________________________________________________________________________________Арыз ээсинин дареги(жеке жактарга)____________________________________________________________________ Чарба ээсинин толук аты-жөн____________________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________ табуу максатында карантиндик фитосанитардык текшерүү чарбанын, мекеменин ээсинин же өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлдү. Текшерүү күнү «_____»_____________________________20____ж.
Ишкананын аталышы
Кампаннын, сактоочу жайдын номери
Продукциянын аталышы
Сакталган продукциянын көлөмү (тн)
Продукциянын келип чыгышы
Кампанын жалпы аянты, кв. м
Кампанын көлөмү, куб. м
Зыяндалган, кв. м
Курт-кумурскалардын саны, өрчүү стадиясы (жумуртка, курт, имаго), даана
Бардыгы:
МО Текшерүүчү _________________ аты-жөнү _______________________ колу Чарбанын ээси (өкүлү) ________________ аты-жөнү ___________________ колу
Эскертүү. Акт 2 нускада толтурулат (1- чарбанын, айыл чарба кошуунун өкүлүнө, 2-аймактык органга)
2-тиркеменин 3 - тиркемеси
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Зыянсыздандыруу боюнча иштерди аткарууга (алдын ала текшерүү актысына) № КАБЫЛ АЛУУ-ТАПШЫРУУ АКТЫСЫ
№ _______ «___» ________________________202__ жыл Келишим №_______ «___» _________________202__ жыл
(кызмат орду, толук аты-жөнү) _______________________________________________ атынан, б.а. тапшырык ээсинин атынан аракеттенген бир тараптан, жана ____________________________________________________________ (дезинсекция иштерин аткарган мекеменин аталышы) экинчи тараптан, төмөнкү (фумигациялык топтун аталышы) аткарган иштерди Тапшырык ээси кабыл алгандыгы, ал эми Аткаруучу тапшыргандыгы жөнүндө ушул актыны түзүштү: Зыянсыздандырууга жооптуу жак _______________________________________________ Иштин натыйжалары _________________________________________________________ Объекттин экспозицияда турган мөөнөтү ___________________________ саат Объектти тапшыруу күнү: «____» ______________________202__ жыл. Ишкана объектти төмөнкү ыкма менен дегазациялоону камсыз кылууга милдеттүү: _____________________________________________________________________________ (Дегазациялоо ыкмасы, химикатты жана температура режимин колдонууга жараша) _____________________________________________________________________________ Тапшырык ээсинин Аткаруучунун төмөндө аткарган иштерине сын пикири __________________________________________________________________________ Ишти кабыл алды (Тапшырык ээсинен): ______________________
М.О.
Ишти тапшырды (Аткаруучу тараптан): _____________________
2-тиркеменин 3 (б)- тиркемеси
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган
№ 00000
КАРАНТИНДИК ФИТОСАНИТАРДЫК ЗЫЯНСЫЗДАНДЫРУУ АКТЫ Зыянсыздандыруу башталган убакыт/күн ___________________________________ Зыянсыздандыруу аяктаган убакыт/күн _____________________________________ Жүк жөнөтүчү __________________________________________________________ Кабыл алуучу __________________________________________________________ Унаа каражаты _________________________________________________________ Зыянсыздандырылган продукциянын көлөмү ________________________________ Иш-аракеттер аткарылган жер ____________________________________________ Зыянсыздандыруу ыкмасы _______________________________________________ Пестицид ______________________________________________________________ Концентрация ___________________________________________________________ Продукциянын температурасы, С ___________________________________________ Экспозиция, саат ________________________________________________________ Дегазациялоо/желдетүү ___________________________________________________ Кошумча маалымат _______________________________________________________ Ушул акты менен жогоруда белгиленген товар дарылоо параметрлерине ылайык зыянсыздандырылгандыгын, ушул жүктө тирүү зыяндуу организмдердин жоктугун ырастайбыз. Тапшырык ээси ______________________ мөөрдүн орду _____________ ____________
колу аты-жөнү
Зыянсыздантыруу иштери боюнча жетекчи ________________________________________ мөөрдүн орду _____________ ____________
колу аты-жөнү
2-тиркеменин 4- тиркемеси
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Карантинге алынга объекттерди зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүгө Өтүнмө
1. ________________________________________________________________
(юридикалык же физикалык жактын аты)
2. ___________________________________________________________________________
____________________________________________________________________ аткарууга (иштин аталышы жана көлөмү)
3. Аткаруу мөөнөтү ___________________________________________________________
4. Жүктүн келип чыгышы ______________________________________________________
_____________________________________________________________________________ (мамлекет, обл., р-н, чарба)
5. Продукция ээси______________________________________________________________
(продукция ээсинин дареги) _____________________________________________________________________________
6. Аткаруучу _________________________________________________________________
_______________________________________________________________ камсыз кылат _____________________________________________________________________________ (толук аты-жөнү, дареги, телефону)
7. Арыз ээси:
М.О.
2-тиркеменин 5- тиркемеси
Кызмат имаратындагы жана атмосфералык абадагы иштөөчү концентрациянын жана фумиганттардын калдык санын контролдоочу аспаптардын, фумиганттарды жана газ бууланткычтарын колдонуу үчүн керектүү жабдуулардын тизмеси
Фумиганттын аталышы
Жабдуунун аталышы
Бромдуу метил
1. Индикатордук галоиддик күйгүч
2. Интерферометр ШИ-10 или ШИ-11
3. 0 - 100 мг/л концентрацияны аныктоочу диапазону бар импорттук сенсордук газ анализаторлору пайдаланылышы мүмкүн
4. Индикатордук түтүкчөлөр
5. Кол помпалары
Фосфин препараттары
1. Индикатордук түтүкчөлөр "0,1" калдык көлөмгө жана "50" иштөөчү концентрацияларга, "Drager" же "Auer" фирмасынын, же Россияда өндүрүлгөн (Санкт- Петербург шаарында) фосфин
2. Кол помпалары
2-тиркеменин 6- тиркемеси
Газациялоо боюнча иштерди аткаруу үчүн керектүү жабдуулардын тизмеси
Фумиганттын аталышы
Жабдуу
Бромдуу метил
1. Чыга бериш жеринде 90°C га чейин ысытууну камсыз кылган, манометри бар, жылаан түрүндөгү газ бууланткыч
2. Ички диаметри 12 - 16 - 18 мм түзгөн резина жана кездемеден жасалган оргутуучу шлангдар
3.Баллондуу струбциндер
4. Бромдуу метили бар баллондордун салмагын өлчөө үчүн таразалар
5. Иш шаймандары: эки ачылма гайка ачкычы, камдалган шайбалар жана переходниктер
Фосфин препараттары
1. Дан үймөктөрүнө таблеткаларады киргизүү үчүн муундуу штангалар
2. Таблеткаларды бөлүштүрүү үчүн кездемеден жасалган газ өтпөгөн каптар (фумисливдер)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөЗакон · 12.01.2015 · № 2
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №361 "Айыл чарбасында пестициддерди коопсуз пайдалануу, сактоо жана кампага жыйноо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.07.2011 · № 361
- КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 1 дп "2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддер…Приказ · 21.06.2021 · № 1 дп
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Айыл чарба өндүрүшүндө пестициддерди коопсуз пайдалануу, сактоо жана топтоо боюнча" НУСКАМАИнструкция · 05.07.2011 · № 361