7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктары
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 июля 2015 года № 142
1. Жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын пайда болуу же табылуу коркунучу учурунда ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарында карантиндик же башка чектөө чараларын белгилейт же алып салат.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн которулган каражаттардын эсебинен каржылоону жүзөгө ашырат жана карантиндик жана башка чектөөчү чараларды жүргүзүүдө уюштуруучулук жана чарбачылык иш үчүн жоопкерчилик тартат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкактарында ветеринардык-санитардык талаптарды жана эпизоотияга каршы иш-чараларды аткарууну камсыз кылат.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз ыйгарым укуктарынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында табылган оорулуу жаныбарларды жок кылууну жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле өлгөн жаныбарлар көмүлгөн жерлерди талаптагыдай күтүү үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205396/st-7" title="7-берене - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>