6-берене. Ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 150
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) жаныбарлардын ден соолугун коргоо жана тамак-аш коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын алдын алуу жана аларга диагноз коюу боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу;
3) ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тизмеге ылайык ветеринардык практикага укугу бар жеке жана юридикалык жактарга келишимдик негизде берүү;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин аныктоо;
5) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары пайда болгондо карантинди жана башка чектөө чараларын киргизүүнүн, алып салуунун тартибин аныктоо;
6) жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын алдын алуу, диагноз коюу жана жоюу боюнча ветеринардык иш-чараларды уюштуруу жана камсыз кылуу;
7) Кыргыз Республикасынын аймагын башка мамлекеттерден жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ылаңдарынын алып келинишинен жана таркап кетүүсүнөн сактоо;
8) ветеринардык дары каражаттарынын республикалык корун түзүүнүн, пайдалануунун жана эсептен чыгаруунун тартиби менен ченемдерин иштеп чыгуу;
9) эл аралык уюмдардын жана башка өлкөлөрдүн ветеринардык-санитардык чараларынын бирдей экендигин таануу;
10) жаныбарлардын ылаңдарынын алып келинишинин жана алардын жайылып кетишинин коркунучу пайда болгон учурда контролдонуучу товарлар менен жүктөрдү ташып келүүгө жана ташып чыгарууга убактылуу чектөөчү чараларды киргизүү;
11) эпизоотиялык кырдаалдын өзгөрүшү жана ветеринардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, кызыкдар болгон министрликтер менен ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга маалымдоо;
12) аймактарды ветеринардык зоналаштыруу, ветеринардык-санитардык мониторинг жүргүзүү;
13) ветеринария жаатындагы техникалык регламенттерди, эрежелерди жана ветеринардык-санитардык талаптарды иштеп чыгуу;
14) ветеринардык милдеттер үчүн ветеринардык дары каражаттарынын резервдик фондун түзүү, анын тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар.
(КР 2017-жылдын 24-майындагы № 89, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 ) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 мая 2017 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О ветеринарии")Редакцияларды салыштыруу
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу;
3) алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тизмекке ылайык келишимдик негизде ветеринардык практикага укугу бар жактарга ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды алынып салынды: өткөрүп кошулду: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тизмеге ылайык ветеринардык практикага укугу бар жеке жана юридикалык жактарга келишимдик негизде берүү;
4) Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлардын өзгөчө … алып келинишинен жана таркап кетүүсүнөн сактоо;
8) ветеринардык алынып салынды: дары-дармектердин кошулду: дары каражаттарынын республикалык корун түзүүнүн, пайдалануунун жана эсептен чыгаруунун … администрацияларга маалымдоо;
12) аймактарды ветеринардык алынып салынды: зоналаштырууну кошулду: зоналаштыруу, ветеринардык-санитардык мониторинг жүргүзүү;
13) ветеринария жаатындагы техникалык регламенттерди, эрежелерди жана ветеринардык-санитардык талаптарды иштеп чыгуу;
14) ветеринардык милдеттер үчүн алынып салынды: биопрепараттардын кошулду: ветеринардык дары каражаттарынын резервдик фондун түзүү, анын тартибин Кыргыз Республикасынын … 2017-жылдын 24-майындагы № 89, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 кошулду: , 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 ) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндө " токтомуПостановление · 15.01.2018 · № 17
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы №17 токтомуПостановление · 15.01.2018 · № 17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205396/st-6" title="6-берене - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>