8-берене. Жаныбарлардын ээлеринин жана мал чарбачылыгынын азыктарын өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү жана сатуу жагынан иш жүргүзгөн жактардын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы · 3-глава
1. Менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан, жаныбарлардын, жаныбарлардан алынган азыктар менен чийки заттардын ээлери болуп саналган жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз убагында жана сапаттуу ветеринардык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
2) жаныбарлардын жугуштуу илдеттерине каршы диагностикалык изилдөөлөрдү жана алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
3) ветеринардык врачтардан мал чарбачылыгынын чийки заттарын жана продуктуларын өндүрүүнүн, даярдоонун, кайра иштетүүнүн, ташуунун жана сатуунун ветеринардык-санитардык коопсуздугуна байланышкан консультацияларды алууга.
2. Жаныбарлардын ээлери жана мал чарбачылыгынын чийки заттарын жана продуктуларын өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу жагынан иш жүргүзгөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ветеринардык мыйзамдарда каралган ветеринардык талаптарды, эрежелерди жана ченемдерди аткарууга;
2) жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алууну жана жаныбарлардан алынган продуктулардын жана чийки заттардын ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуучу чарбалык жана башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
3) жаныбарларды багуу, жаныбарлардан алынган продуктуларды, чийки затты кайра иштетүү, сактоо жана сатуу менен байланышкан объекттерди жайлаштырууда, курууда, пайдаланууда ветеринардык-санитардык талаптарды сактоого;
4) жаңы сатып алынган жаныбарлар жөнүндө жана алынган төл тууралуу тейлөөчү ветеринардык врачка кабарлоого;
5) жаныбарлардын кырылышы, союлушу, бала салуусу жөнүндө, бир эле учурда бир нече жаныбардын ылаңдап калуусу тууралуу же алардын демейдегиден башкача кыймыл-аракети тууралуу тейлөөчү ветеринардык врачка кабарлоого жана ветеринардык врач кел-генге чейин аларды бөлүп кармоону камсыз кылууга;
6) жаныбарларды кароону жүргүзүүгө, диагностикалык изилдөөлөр жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн жаныбарлардан патологиялык жана башка материалдардын үлгүсүн алууга ветеринардык врачка тоскоолдук кылбоого;
7) жугуштуу ылаңдарга каршы жаныбарларга милдеттүү түрдө эмдөөлөрдү жүргүзүү тууралуу ветеринардык врачтардын талаптарын аткарууга;
8) ветеринардык-коштоочу документтери болгондо гана жаныбарларды ташууну жана сатууну, жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды, тоюттарды жана тоют кошулмаларын даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону, ташууну жана сатууну жүзөгө ашырууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте малды союунун, союлган малдын этин же башка продуктуларын сатуунун технологиялык жана ветеринардык эрежелерин сактоого;
10) үйдө союлган жаныбарлардын этин базарларда жана соода түйүндөрүндө сатууга жол бербөөгө;
11) өзгөчө коркунучтуу ылаңдар менен ооруган жаныбарлардын бүкүлү этин, өлгөн жаныбарлардын өлүктөрүн жана союлган малдын башка продуктуларын ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык утилдештирүүгө;
12) жаныбарларды дарылоо-алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн ветеринардык практикага укугу бар адамдарга гана жол берүүгө.
3. Жаныбарлардын ден соолугу, багылышы жана пайдаланылышы үчүн жоопкерчиликти - алардын ээлери, ал эми мал чарбачылыгынын чийки заттарынын жана продуктуларынын ветеринардык-санитардык жактан коопсуздугу үчүн аларды өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу жагынан ишкердик кылган адамдар тартат.
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Жаныбарлардын сибирь жарасы ылаңын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча нускама (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин…Инструкция · 28.01.2025 · № 04-13/22
- 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 618 токтому менен…Программа · 04.09.2015 · № 618 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205396/st-8" title="8-берене - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>