28-берене. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдарынын жайылып кетүүсүн четтетүү жана аларды контролдоо боюнча ветеринардык-санитардык чараларды каржылоо
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 150
1. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ылаңдарынын жайылып кетүүсүнүн четтетүү жана аларды контролдоо боюнча диагностикалык, иммундук алдын алуу жана башка эпизоотияга каршы иш чараларды каржылоо республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин жана көрсөтүлгөн максаттар үчүн тартылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегине киргизилген ылаңдарга каршы диагностикалык изилдөөлөрдү жана алдын ала эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ветеринардык дары каражаттарды сатып алуу, анын ичинде аларды жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегине кирбеген ылаңдарга каршы жаныбарларды иммундук эмдөө үчүн ветеринардык дары каражаттарын сатып алуу жаныбарлардын ээлеринин жана көрсөтүлгөн максаттар үчүн тартылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржы булактарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
4. Карантиндик жана башка чектөө чараларын каржылоо республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин жана көрсөтүлгөн максаттар үчүн тартылган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржы булактарынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 "Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.08.2025 · № 536
- КР Министрлер Кабинетинин 28.08.2025-жылдын № 536 токтомуПостановление · 28.08.2025 · № 536
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205396/st-28" title="28-берене - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>