29-берене. Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн ветеринария субъекттеринин жоопкерчилиги
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы · 8-глава
1. Жаныбарлардын ээлери төмөнкүлөр үчүн жарандык, администрациялык, жазык жоопкерчилигин тартат:
1) жаныбарларды күтүү жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы;
2) диагностикалык жана иммундук алдын алуу иш чараларынан баш тарткандыгы;
3) ветеринардык практикага укугу жок жактарга жаныбарларды алдын ала эмдөөгө жана дарылоого бергендиги;
4) Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы мыйзамдарынын башка талаптарын бузгандыгы.
2. Жаныбарларды, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулар менен чийки заттарды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, даярдоодо, сактоодо, ташууда жана сатууда ветеринардык-санитардык талаптар бузулгандыгы үчүн жарандык, администрациялык жана жазык жоопкерчилиги каралат.
3. Ветеринардык лабораториялар жүргүзүлгөн ветеринардык-санитардык экспертизанын, диагностикалык изилдөөлөрдүн аныктыгы жана объективдүүлүгү жана корутундуларды бергендиги үчүн жоопкер болот.
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205396/st-29" title="29-берене - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>