Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-апрели № 185
Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин бекитүү жөнүндө
Эпизоотиялык бакубаттуулукту жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, «Ветеринария жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 28-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмеги (мындан ары – Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизмекке киргизилген жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарын алдын алуу, диагностикалоо жана жоюу үчүн ветеринардык дары каражаттарын сатып алуу республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен каржыланат деп;
2) Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик ветеринардык инспекторуна Тизмекте каралган жаныбарлардын ылаңдарынын артыкчылыгына жана маанилүүлүгүнө жараша бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдаланууну аныктоо укугу берилет деп.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ушул токтомго ылайык финансылык каражаттардын максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 374 «Диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык эмдөөлөр жана жок кылуу боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин каражаттарынан каржыланчу ылаңдардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 374 "Диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык эмдөөлөр жана жок кылуу боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин…Постановление · 23.05.2006 · № 374 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 175
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтомуПостановление · 08.04.2025 · № 185
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 374 "Диагностикалык изилдөөлөр, профилактикалык эмдөөлөр жана жок кылуу боюнча иш-чаралар республикалык бюджеттин…Постановление · 23.05.2006 · № 374 · Күчүн жоготкон