1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Күчүндө · 29.07.2024 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 150
Ветеринария - жаныбарлардын ылаңдарын алдын алууга, диагноз коюуга, дарылоого, адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен адамдарды коргоого, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүгө багытталган илимий билимдердин жана практикалык иштердин жыйындысы; ветеринардык врач - жогорку ветеринардык билими бар жана ветеринардык практиканы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашыруучу адам; параветеринардык адис - ветеринардык врачтын контролу жана жоопкерчилиги астында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ветеринардык практиканы жүзөгө ашыруучу ветеринардык фельдшер же мал чарбачылыгы тармагындагы дипломдуу адис; ветеринардык иш - бул жеке жана юридикалык жактардын ветеринария милдеттерин чечүүгө багытталган иши; ветеринардык-санитардык корутунду - экспертиза объекттеринин милдеттүү ветеринардык талаптарга ылайыктуу же ылайыктуу эместигин тастыктоочу документ;
ветеринардык дары каражаты - жаныбардын организми менен байланышка кирүүчү жана жаныбарлардын ылаңдарын дарылоого, алдын алууга, жаныбардын физиологиялык функцияларын калыбына келтирүүгө, коррекциялоого же өзгөртүүгө, бооздукту сактоого, болтурбоого же токтотууга, эвтаназияга, ошондой эле жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалоого багытталган затты билдирүүчү же болбосо заттарды же заттардын комбинациясын камтуучу каражат (жаныбардын организми менен байланышка кирбеген заттарды же алардын комбинацияларын кошпогондо). Ветеринардык дары каражаттарына таасир этүүчү заттар, анын ичинде фармацевтикалык субстанциялар, ошондой эле ветеринардык дары препараттары кирет; ветеринардык-санитардык мониторинг - жаныбарлардын ден соолугунун абалындагы өзгөрүүлөрдү табуу, контролдонуучу товарлардын (продукциянын) коопсуздугу жана алардын ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келүүсү жөнүндө жалпы аныктоо максатында пландалган жана ырааттуу байкоолорду же талдоону жүзөгө ашыруу; ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптар - ветеринардык контролдоо жана көзөмөлдөө объекттерине коюлуучу, Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын жугуштуу, анын ичинде адам менен жаныбарлар үчүн жалпы ылаңдардын козгогучтарын жана ветеринардык-санитардык жактан кооптуу жаныбарлардан алынган товарларды алып келүүгө жана таратууга жол бербөөгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү талаптар; таасир берүүчү зат - жаныбардын организмине тийгизген таасиринин натыйжалуулугу менен байланышкан, ветеринардык препараттын курамындагы биологиялык, биотехнологиялык, минералдык же химиялык жактан алынган зат; ветеринардык-санитардык чаралар - жаныбарлардын жугуштуу жана жапырт жукпай турган ылаңдарынын пайда болушунун жана жайылып кетишинин алдын алууга, элдерди адамдар менен жаныбарлар ооруучу жалпы илдеттерден коргоого, жаныбарлардын ылаңдары келтирүүчү зыяндын алдын алууга багытталган иш-чаралар тутуму; ветеринардык көзөмөл - ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча жол-жобо; ветеринардык-санитардык кызмат көрсөтүүлөр - ветеринардык милдеттерди чечүү үчүн ветеринардык врачтар жана буга укугу бар башка адамдар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр; ветеринардык практика - жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу, диагноз коюу жана дарылоо, ветеринардык чөйрөдө окутуу, консультацияларды берүү, изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча, ошондой эле сертификаттоо, тери астына имплантаттарды киргизүү, ветеринардык дары каражаттарын жөнөтүү, сатып өткөрүү жана таркатуу боюнча кызмат көрсөтүү боюнча иштер; ветеринардык-санитардык экспертиза - жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулардын коопсуздугун аныктоо үчүн аларды атайын изилдөөлөрдүн комплекси; жаныбарлар - ар кандай сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, аарылар, ошондой эле суу фаунасынын өкүлдөрү; карантин - жаныбарлардын карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын жайылуусун болтурбоого жана жок кылууга багытталган атайын жана уюштуруу иш-чараларынын режими; тоюттар - жаныбарларды тоюттандыруу үчүн пайдаланылуучу жана жаныбарлардын ден соолугуна зыяндуу таасирин тийгизбөөчү, сиңимдүү, аш болумдуу заттарды камтыган өсүмдүктөн, жаныбардан алынган азыктар; тоют кошулмалары - жаныбарлардын рационундагы жетишпеген аш болумдуу, минералдык заттар менен витаминдердин булактары катары пайдаланылуучу органикалык, минералдык, микробиологиялык жана синтетикалык заттар; жаныбардан алынган продуктылар - ветеринардык көзөмөлдүн жана ветеринардык-санитардык экспертизанын предметтери болуп саналган жаныбарлардан, канаттуулардан, балыктардан, аарылардан алынган ар кандай азыктар жана чийки заттар; эпизоотияга каршы иш-чаралар - эпизоотиянын алдын алууга, табууга же жоюуга багытталган уюштуруучулук жана атайын иш-чаралар тутуму; өзгөчө коркунучтуу ылаңдардын тизмеги - алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо жана жоюу иштери республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилүүчү ылаңдардын тизмеги; эпизоотия - тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын кеңири таралышы; эпизоотиялык бабакуттуулук - жаныбарлардын жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес ылаңдары боюнча белгилүү аймактагы (зонадагы) ветеринардык-санитардык абал, мында жаныбарларды айдоо жана жаныбарлар, жаныбарлардын азыктары менен соода кылуу чектелбейт; ветеринардык препарат - дары түрүндөгү ветеринардык дары каражаты; эвтаназия - жаныбарды ооруга жана азапка салбастан жансыздандыруу.
(КР 2023-жылдын 4-августундагы № 163, 2024-жылдын 29-июлундагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 "Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.08.2025 · № 536
- КР Министрлер Кабинетинин 28.08.2025-жылдын № 536 токтомуПостановление · 28.08.2025 · № 536
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-январындагы №57 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз…Постановление · 26.01.2009 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 ноября 2002 года №752 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О ветеринарии"Постановление · 13.11.2002 · № 752 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205396/st-1" title="1-берене - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>