Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
282-19-берене. Бажы бирлигинде КНСти эсептөө, салык отчетун берүү жана төлөө тартиби
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, Бажы бирлигинде КНСти эсептөө жана төлөө тартиби ушул Кодекстин 40-главасына ылайык аныкталат.
2. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттерге товарларды экспорттоодо же иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча иштерди аткарууда КНС салыгын төлөөчү КНС боюнча салык отчеттуулугу менен бир убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык документтерди салык органына ушул Кодекстин 274-беренесинде каралган мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү.
3. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды, анын ичинде иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүүнүн продуктылары болгон товарларды импорттоодо, эгерде ушул бөлүк менен башкача белгиленбесе, салык төлөөчү кыйыр салык боюнча салыктык каттоодо турган жердеги салык органына, салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен салык отчеттуулугун берүүгө милдеттүү.
Салык төлөөчү ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык отчеттуулугу менен бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмекке ылайык документтерди салык органына берет.
4. Импорттолгон товарлар боюнча КНС салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.
Кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун төлөөгө эсептелген кыйыр салыктардын суммасы товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (арыздарда) эсептелген кыйыр салыктардын суммасына дал келүүсү керек. Бажы бирлигинде товарларды экспорттоодо жана импорттоодо кыйыр салыктарды төлөө жана товарларды ташып келүү жөнүндө арыздын формасы, аны толтуруунун, берүүнүн, чакыртып алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
5. Импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугунун формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Товарларды, анын ичинен иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүүнүн продукттары болуп эсептелген товарларды, каржылык ижара (лизинг) келишими (макулдашуусу) боюнча лизингдин предмети болуп эсептелген товарларды Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодогу кыйыр салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн салык мезгили болуп мында импорттолгон товарлар эсепке алынган календардык ай эсептелет.
6. Импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыгы боюнча салык отчеттуулугу жана товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздарды берүү ушул Кодекстин 89-беренесинин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча КНСти төлөө фактысынын салык органдары тарабынан тастыкталышы салык кызматынын органы тарабынан товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздарга тиешелүү белгилерди коюу менен ишке ашырылат.
Импорттолгон товарлар боюнча КНС төлөнбөгөн жана толук төлөнбөгөн, ошондой эле салык төлөөчү тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда салык кызматынын органы импортко КНСти төлөө фактысын тастыктоодо жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205389/st-282-19" title="282-19-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>