Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
282-20-берене. Товарларды импорттоодо төлөнгөн КНСтин суммасын оңдоо тартиби
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды жарым-жартылай кайтарып берүү жүзөгө ашырылган учурда, сапатынын талаптагыдай жана/же комплекттүү эместигинен, мындай товарлар ташып киргизилген ай аяктаганга чейин мындай товарлар боюнча маалыматтар импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктарга карата салык отчеттуулугунда, ошондой эле товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда чагылдырылбайт.
2. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларды сапатынын талаптагыдай жана/же комплекттүү эместигинен, мындай товарлар ташып келинген ай аяктаганга чейин толук кайтаруу ишке ашырылган учурда, мындай импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугу жана ошондой товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды салык органына төлөө жөнүндө арыз берилбейт.
3. Мындай товарлар ташылып келинген ай аяктагандан кийин ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарлар кайтарып берилген учурда, мындай товарлар боюнча маалыматтар импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктарга карата такталган салык отчеттуулугунда, ошондой эле товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда чагылдырылууга жатат.
4. Ушул берененин максаттарында Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан импорттолгон товарлардын сапатынын талаптагыдай жана/же комплекттүү эместигинен, кайтарып берилгендигин ырастоочу, салык төлөөчү-импорттоочу жана салык төлөөчү-экспорттоочу менен макулдашылган, сапатынын талаптагыдай жана/же комплекттүү эместигинен кайтарып берилүүгө тийиш болгон импорттолгон товарлардын саны жөнүндө маалыматтар камтылган документ эсептелет.
5. Төмөнкүлөр КНС салынууга жатпайт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген табигый зыяндардын ченемдеринин чегинде салык төлөөчүлөр тарабынан товарлардын жоготууларга учурашы;
2) күч жеткис жагдайлардын натыйжасында пайда болгон товарлардын бузулушу.".
24. Кодекс төмөнкүдөй редакциядагы 283-1-берене менен толукталсын:
"283-1-берене. Товарларды импорттоодо салык төлөөчүлөрдүн акциздик салыкты аныктоо өзгөчөлүктөрү Бажы бирлигинде акциздик товарларды импорттоодо акциздик салыкты төлөөчүлөрдү аныктоо Ушул Кодекстин 282-17-беренеси менен белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.".
25. 286-беренеде:
1-бөлүктө:
- 1-пунктундагы "акциздик товарлардын" деген сөздөрдөн мурда "акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси менен" деген сөздөр "Бажы бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 4-пунктундагы "товардын" деген сөздөн мурда "акциздик"; "берилгенде" деген сөздөн кийин "жана/же" деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт жана толукталсын:
"5) акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон сатылган акциздик товардын физикалык көлөмү.";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул бөлүктүн максаттары үчүн сатылган акциздик товар деп менчик укугу керектөөчүгө өткөн акциздик товар түшүндүрүлөт."; берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "3. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттерден акциздик товарларды импорттоодо салык базасынын өлчөмүн оңдоо ушул Кодекстин 282-20-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
26. 288-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"288-статья. Салык мезгили Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан өндүрүлгөн же импорттолгон акциздик товарлар боюнча акциздин салыктык мезгили болуп календарлык ай саналат.".
27. 290-беренеде:
1-бөлүктүн 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн Бажы бирлигинин бажы мыйзамдары жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган күндө - акциздик жыйымдын маркасы менен белгилөөгө жатпаган, Бажы бирлигинин мүчөсү болбогон мамлекеттердин аймагынан импорттолгон акциздик товарлар боюнча;
3) салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен - акциздик салык маркасы менен белгиленүүгө жатпаган Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан импорттолгон акциздик товарлар боюнча.";
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан импорттолуучу же/жана өндүрүлүүчү акциздик товарлар боюнча акцизди төлөөчү отчеттук кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен салыктык каттоо жери боюнча салык органына акциз боюнча жана/же кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугун ай сайын берүүгө милдеттүү. Кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугуна ушул Кодекстин 282-19-беренеси менен белгиленген форма боюнча жана тартипте тиешелүү документтер тиркелиши керек."; берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-4-бөлүктөр менен толукталсын: "3. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан акциздик товарлар импорттолгон учурда импортко акциз төлөө акциз төлөөчүнүн салыктык каттоо жери боюнча жүргүзүлөт.
4. Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймактарынан импорттолгон акциздик товарларга акциз төлөнгөн фактынын салык органы тарабынан тастыкталышы товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызга салык кызматынын органы тиешелүү белгини коюу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Импорттолгон товарлар боюнча акциз төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн, ошондой эле салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгилеген талаптарга жооп бербеген документтерди берген учурда салык кызматынын органы импортко акциз төлөө фактысын тастыктоодо жүйөлүү баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.".
28. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 290-1-берене менен толукталсын:
"290-1-берене. Акциздик салыкты администрациялоо Эгерде ушул берене менен башкача каралбаса, Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин өз ара соодасында товарларды экспорттоодо жана импорттоодо акцизди администрациялоо салык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Эркин бажы зонасынын же бош кампанын бажы жол-жобосу менен жайгаштырылган товарлар боюнча акцизди администрациялоо бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
29. 291-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагына ташылып кетүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагынан ташылып келүүчү акциздик иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүүнүн мөөнөтү берилген сырьену кайра иштетүүгө түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) шарттарына ылайык аныкталат жана иштетүүгө берилген сырье кайра иштетүүнүн мөөнөтү берилген сырьену кайра иштетүүгө түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) шарттарына ылайык аныкталат жана иштетүүгө берилген сырье эсепке алынган жана/же жүктөлүп жөнөтүлгөн датадан тартып эки жылдан ашууга болбойт.".
30. 293-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Бажы бирлигинин чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө акцизди төлөө өзгөчөлүктөрү Бажы бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.".
31. 294-берененин 1-бөлүгүндө:
бөлүк ''акциз салыгын төлөөчү" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын аймагында" деген сөздөр менен толукталсын; "бажылык" деген сөз алып салынсын.
32. 295-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "бажынын экспорттук режиминде" деген сөздөр "экспорттун бажылык жол-жобосуна ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
33. 297-беренеде:
2-бөлүктүн 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өтүүчү, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарында жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген, ички керектөөлөр үчүн товарларды чыгаруунун бажы жол-жобосун кошпогондо, бажы жол-жоболорунун алкагында бошотулган товарлар;"; 3-бөлүктүн биринчи абзацындагы "акциздик товарларга" деген сөздөр "эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, акциздик товарларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын,"; берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "5. Салык төлөөчү акциздик товарларды Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагына экспорттоодо акцизди төлөөдөн бошотуунун негиздүүлүгүн тастыктоо үчүн салыктык каттоо жери боюнча салык органына акциз боюнча салык отчеттуулугу менен бирге, ушул Кодекстин 282-10-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган документтерди берет. Мында салык төлөөчү акциз боюнча салык отчеттуулугун албаганда, ушул Кодекстин 282-10-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган документтерди салык органына акциздик товарлар жүктөп жөнөтүлгөн күндөн тартып 180 календардык күндүн ичинде берүүгө укуктуу. Ушул бөлүктө белгиленген мөөнөттөн өткөндөн кийин экспорттолуучу акциздик товарлар сатылгандыгы тастыкталган учурда, төлөнгөн акциздердин суммасы ушул Кодекстин 81-беренесине ылайык кириштөөгө жана/же кайтарууга жатат. Мында, Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына акциздик товарларды экспортко тастыкталбаган сатууга байланыштуу эсептелген туумдардын төлөнгөн суммасы кайтарууга жатпайт.".
34. 375-берененин 4-бөлүгүндөгү "бажы мыйзамдарына жана эркин экономикалык зоналар жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөр "Бажы бирлигинин мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205389/st-282-20" title="282-20-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>