Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
282-18-берене. Бажы бирлигиндеги комиссиянын келишимдери, тапшырмалар, агенттик келишим боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо КНСти эсептөө жана төлөө
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан комиссиянын келишимдеринин, тапшырмалардын, агенттик- келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар ташылып келгенде импорттолгон товарлар боюнча бюджетке КНСти эсептөө жана төлөө милдеттенмеси комиссионерге, ишеним берилген өкүлгө, агентке жүктөлөт.
Мындай учурда Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарлар боюнча комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан төлөнгөн КНСтин суммасы ушул Кодекстин 40-главасына ылайык комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан кириштелүүгө жатат.
2. Товарлардын беримдери, комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан жумуштардын аткарылышы же кызматтардын көрсөтүлүшү ушул Кодекстин 233-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык берим деп таанылат.
3. Комиссиянын келишимдеринин, тапшырмалардын, агенттик келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар ташылып келгенде импортко салык салуунун жасалган датасы импорттолгон товарлардын комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан эсепке алган дата болуп саналат.
Ушул бөлүктүн максаттары үчүн эсепке алуу датасы болуп товарлардын берилгендигин ырастаган комиссионердин, ишеним берилген өкүлдүн, агенттин дарегине комитент, ишеним көрсөтүүчү, принципал тарабынан түзүлгөн биринчи документтин датасы саналат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205389/st-282-18" title="282-18-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>