Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
31-берене. Адвокатураны түзүүгө байланышкан маселелер
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 4-глава
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин каржылоого, уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездинде Адвокатуранын уставы бекитилет, Адвокатуранын башкаруу органдары түзүлөт, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелер чечилет.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги региондук өкүлчүлүктү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездинин катышуучуларынын санын аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин съездге катышкан жашы боюнча улуу адвокат ачат. Жыйналышты алып баруу үчүн президиум шайланат.
Адвокаттардын уюштуруу съездинин чечимдери чогулушка катышкан адвокаттардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Адвокатуранын башкаруу органдарын, анын филиалдарын - аймактык адвокатураларын жана Адвокаттардын окуу борборун тиешелүү башпааналарга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн карасын.
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 685-т (Турак эмес жайды убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 22.12.2022 · № 685-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-октябрындагы № 458-б (Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин өткөрүү үчүн уюштуруу комитетинин курамы жөнүндө) буйругу.Распоряжение · 16.10.2014 · № 458-р
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205356/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>