Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин өткөрүү үчүн уюштуруу комитетинин курамы жөнүндө) буйругу.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2014-жылдын 16-октябры № 458-б «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесин ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин өткөрүү үчүн уюштуруу комитетинин курамы (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети бир жумалык мөөнөттө:
- Адвокаттардын уюштуруу съездин уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу съездин өткөрүү күнүн жана жерин аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Адвокаттардын уюштуруу съездин өткөрүү үчүн каражаттарды издөө боюнча эл аралык уюмдар менен иш жүргүзсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын « 16 » октябрындагы №458-б буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын уюштуруу
съездин өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин
курамы
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Скрипкина Галина Анатольевна
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Джаманкулов Марат Тургунбаевич
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Сейдалиева Марипа Эрмековна
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нотариат жана
адвокатура башкармалыгынын начальниги;
Календеров Улугбек Ибраимович
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги;
Кожомова Гульниза Кожомовна
- «Кыргыз Республикасынын адвокаттар союзу» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Осмонов Кыргызбай Арапбаевич
- Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын башкы директору;
Чуракова Ольга Владимировна
- «Адвокаттарды окутуу борбору» коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
Шейшекеева Гульнара Санташевна
- «Центр права» коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
Бердиев Акжол Дастанбекович
- адвокат (макулдашуу боюнча)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 135