Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Турак эмес жайды убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 22-декабры № 685-т "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Бишкек шаары, Шевченко көчөсү 144 дареги боюнча жайгашкан көп батирлүү турак үйдүн жалпы мүлкүндөгү тиешелүү үлүшү менен, жалпы аянты 224,7 кв.м болгон № 9 турак эмес жайды (идентификациялык коду 1-01-03-0012-0978-01-167) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте Бишкек шаары, Шевченко көчөсү 144 дареги боюнча жайгашкан көп батирлүү турак үйдүн жалпы мүлкүндөгү тиешелүү үлүшү менен, жалпы аянты 224,7 кв.м болгон № 9 турак эмес жайды (идентификациялык коду 1-01-03-0012-0978-01-167) Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына келишим түзүү шарты жана төмөнкүлөр жөнүндө мурдагы келишимди аткаруу шартында андан ары мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга өткөрүп берсин:
- түзүлүүчү келишимге ылайык бардык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана күтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдарды төлөө жөнүндө;
- жайдын абалын жакшыртуу, реконструкциялоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо боюнча иштерди (көтөрүүчү конструкцияларга таасирин тийгизген өзгөртүүлөрдөн жана реконструкциялоодон тышкары) өз алдынча жүргүзүү жөнүндө;
- жогоруда аталган жайды максаттуу багыты боюнча пайдалануу жана келишимдин башка шарттарын аткаруу жөнүндө.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндөЗакон · 14.07.2014 · № 135