26-берене. Адвокаттын милдеттери
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 августа 2023 года № 180
1. Адвокат төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, Кесиптик этика кодексинин ченемдерин сактоого;
2) лицензия алган күндөн тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирүүгө;
3) Адвокатура тарабынан аныкталуучу өлчөмдө жана тартипте мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөгө;
3-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды төлөөгө;
4) ишеним артуучулардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, корголуучунунун сот адилеттүүлүгүнө жетүүсүн камсыз кылуу үчүн мыйзам менен каралган баардык каражаттарды жана ыкмаларды пайдаланууга;
5) юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды жардамга кайрылган жактын макулдугусуз ачыкка чыгарбоого;
5-1) өзүнүн адвокаттык ишин жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө ишенип берилген же белгилүү болгон мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтар менен иштөөнүн белгиленген тартибин сактоого;
6) өзүнүн билимин үч жылда бир жолудан кем эмес өркүндөтүүгө жана өзүнүн квалификациясын жогорулатууга.
7) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген учурларда лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө арыз менен кайрылууга.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 4-р чечими
2. Өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн адвокат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Адвокатуранын уставында каралган жоопкерчиликти тартат.
(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
15.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тарабынан аныкталуучу өлчөмдө жана тартипте мүчөлүк төгүмдөрдү кошулду: төлөөгө;
3-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды төлөөгө;
4) ишеним артуучулардын укуктарын, эркиндиктерин жана … жардамга кайрылган жактын макулдугусуз ачыкка чыгарбоого;
кошулду: 5-1) өзүнүн адвокаттык ишин жүргүзүүгө байланыштуу өзүнө ишенип берилген же белгилүү болгон мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтар менен иштөөнүн белгиленген тартибин сактоого;
6) өзүнүн билимин үч жылда бир жолудан кем эмес өркүндөтүүгө жана өзүнүн квалификациясын жогорулатууга.
кошулду: 7) ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген учурларда лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө арыз менен кайрылууга.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 4-р чечими
2. Өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы жана талаптагыдай аткарбагандыгы … жана Адвокатуранын уставында каралган жоопкерчиликти тартат.
алынып салынды: Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы N 4-р чечимикошулду: (КР 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- 2015-жылдын 29-майы Жаран Канат Асанкадырович Джайлоевдын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2015-жылдын 2-апрелиндеги №…Постановление · 29.05.2015
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-марты № 04-р "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кээ…Решение · 11.03.2015 · № 04-р
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205356/st-26" title="26-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>