22-берене. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 августа 2023 года № 180
1. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча жүргүзүлөт.
2. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) адвокат мамлекеттик же муниципалдык кызматка (жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо) кирген учурда;
2) адвокат мөөнөттүү чыныгы аскер кызматында болгон учурда;
3) адвокаттын арызы боюнча;
4) (КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) адвокат тарабынан Кесиптик этика кодексинин ченемдери бузулган учурда;
6) мүчөлүк төгүмдөрдү Адвокатуранын уставында аныкталган мөөнөттө төлөбөгөн учурда;
7) эгерде адвокат ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген учурларда бир айдын ичинде лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө арыз бербеген учурда.
21. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, адвокат лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине арыз берет, ага лицензия (лицензиянын дубликаты) тиркелет, ал эми лицензия (лицензиянын дубликаты) жоголгон учурда бул тууралуу арызда көрсөтөт.
Этика боюнча комиссия ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуш киргизет. Адвокаттар кеңеши ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуш киргизет.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча лицензиянын колдонулушун токтото туруу үч жылга чейин жүргүзүлөт.
Токтото турулган лицензиянын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими боюнча жаңыланат.
4. Лицензиядан ажыратуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) адвокатка карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирет;
2) Кесиптик этика кодексинин ченемдери кайталанып бузулган;
3) ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн лицензиянын колдонулушун токтото туруу учурларын кошпогондо, ушул Мыйзамдын же болбосо Адвокатуранын уставынын ченемдерине ылайык квалификациясын жогорулатпаган;
4) адвокат тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдери бузулган.
41. Этика боюнча комиссия ушул берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурда лицензияны жокко чыгаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.
Адвокаттар кеңеши ушул берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурда лицензияны жокко чыгаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.
5. Лицензиясын колдонушун токтотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) адвокат Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраган учурда;
2) адвокат каза болгондо же аны дайынсыз жоголгон же каза болгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
3) адвокат белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган учурда;
4) адвокаттын жазуу жүзүндө берилген жеке арызы боюнча;
5) бир айдын ичинде жүйөсүз себептер боюнча лицензия албаган учурда;
6) адвокат лицензия алган күндөн тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирбеген учурда.
51. Адвокаттар кеңеши ушул берененин 5-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтотуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө сунуш киргизет.
6. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79, 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 4-р чечими
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 августа 2023 года № 180 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2020 года № 79 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
15.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…төгүмдөрдү Адвокатуранын уставында аныкталган мөөнөттө төлөбөгөн кошулду: учурда;
7) эгерде адвокат ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген учурларда бир айдын ичинде лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө арыз бербеген учурда.
кошулду: 21. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, адвокат лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине арыз берет, ага лицензия (лицензиянын дубликаты) тиркелет, ал эми лицензия (лицензиянын дубликаты) жоголгон учурда бул тууралуу арызда көрсөтөт.
Этика боюнча комиссия ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуш киргизет.
Адвокаттар кеңеши ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтото туруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуш киргизет.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча … адвокат тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдери бузулган.
кошулду: 41. Этика боюнча комиссия ушул берененин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурда лицензияны жокко чыгаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.
Адвокаттар кеңеши ушул берененин 4-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурда лицензияны жокко чыгаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө сунуш киргизет.
5. Лицензиясын колдонушун токтотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) адвокат … тартып бир айдын ичинде Адвокатуранын мүчөлүгүнө кирбеген учурда.
кошулду: 51. Адвокаттар кеңеши ушул берененин 5-бөлүгүнүн 6-пунктунда каралган учурда лицензиянын колдонулушун токтотуу үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө сунуш киргизет.
6. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу, ажыратуу жана лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими алынып салынды: ал кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө сотко кошулду: Кыргыз Республикасынын администрациялык иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
кошулду: (КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 79, 2023-жылдын 15-августундагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын…
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 15.11.2021 · № 138
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынынын 2019-жылдын 17-апрелиндеги №06-р "Марат Эсентурович Токтоматовдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз…Решение · 17.04.2019 · № 06-р
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-марты № 04-р "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кээ…Решение · 11.03.2015 · № 04-р
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 12.12.2016 · № 196
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205356/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>