1-берене
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 584-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин 57-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 65-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 66, 66-9, 120, 132-139, 148, 179, 182, 184, 191-статьяларында, 220-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 221-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 282-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 367, 411, 488, 489, 505-14-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жери боюнча каралат.".
2. 44-глава төмөнкүдөй мазмундагы 634-1 жана 634-2-статьялар менен толукталсын:
"634-1-статья. Коомдук иштерге тартууну уюштуруу жөнүндө токтомдун аткарылышы Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомдун аткарылышын контролдоо ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Укук бузуучуларды коомдук иштерге тартууну уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205317/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>