6-берене. Коомдук кеңештердин милдеттери
Күчүн жоготкон · 09.01.2024 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2.
1. Коомдук кеңештер ишин коомчулук менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырууга, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишинин чөйрөсүнө таандык маселелер боюнча жарандардын жана жарандык коомдун уюмдарынын сунуштарын кабыл алууга жана кароого милдеттүү.
2. Коомдук кеңештин иши жөнүндө маалыматтар (иш планы, жыйналыштарынын ырааттамасы, коомдук угуулар жана башка иш-чараларынын өткөрүлүүчү орду жана убактысы) иш-чара башталганга чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен коомдук кеңештердин расмий веб-сайтына жайгаштырылууга тийиш.
3. Коомдук кеңештер өз иши, кабыл алынган чечимдер жана алардын аткарылышы жөнүндө өзүнүн расмий веб-сайты аркылуу коомчулукка милдеттүү тартипте маалымдоого милдеттүү.
4. Коомдук кеңештер ар бир календардык жылдын 31-декабрынан кечиктирбестен өткөн жыл үчүн өз иши жөнүндө ар жылдык отчетторун өзүнүн расмий веб-сайтында жарыялоого милдеттүү.
Берененин тексти 09.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205299/st-6" title="6-берене - Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>