Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Коомдук кеңештердин укуктары
Күчүн жоготкон · 09.01.2024 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2023 года № 147
1. Коомдук кеңештер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ченемдик укуктук актылардын жана башкаруучулук чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук талкуулоого катышууга;
2) министрликтин, мамлекеттик комитеттин же администрациялык ведомствонун тармактык өнүгүшүнө байланышкан коомдук демилгелерди кароого;
3) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан пландаштырылган же кабыл алынган чечимдерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды иштеп чыгууга;
4) өз ишине ата мекендик жана эл аралык эксперттик жана илимий уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле айрым адистерди тартууга;
5) семинарларды, конференцияларды, "тегерек үстөлдөрдү", коомдук угууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
6) тиешелүү министрликтин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомствонун компетенциясына таандык маселелерди талкуулоо үчүн тиешелүү жана башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин өз жыйналыштарына чакырууга;
7) эгерде министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор коомдук кеңештин сунуштарын, сунуштамаларын жана башка кайрылууларын четке кагуунун негиздерин жүйөлөштүрбөсө же болбосо жоопсуз калтырса, коомчулукка жана/же министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жогору турган инстанцияларына маалымдоого;
8) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго коомчулук менен өз аракеттенүүнү жүзөгө ашырууларына көмөк көрсөтүүгө:
9) өз ишинин регламенттин иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
10) зарылдыгы боюнча туруктуу жана/же убактылуу жумушчу органдарды: комитеттерди, комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүгө;
11) коомдук кеңештин ишинин белгилүү бир чыгымдарын каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттарды тартууга.
2. Коомдук кеңештердин мүчөлөрү байкоочулар катары төмөнкүлөргө катышууга укуктуу:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жыйналыштарына (жумушчу топторго, коллегияларга жана д.у.с.);
2) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун (комитеттердин, комиссиялардын, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн, жумушчу топтордун жана д.у.с.) башка туруктуу жана убактылуу комиссиялардын, жумушчу opгандарынын ишине;
3) (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан өткөрүлүүчү башка иш-чараларга.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"Редакцияларды салыштыруу
25.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жумушчу топтордун жана д.у.с.) башка туруктуу жана убактылуу кошулду: комиссиялардын, жумушчу opгандарынын ишине;
3) алынып салынды: министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун конкурстук, тендердик жана башка комиссияларынын ишине;
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан өткөрүлүүчү башка иш-чараларга.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205299/st-5" title="5-берене - Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>