7-берене. Коомдук кеңештердин иши
Күчүн жоготкон · 09.01.2024 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2.
Коомдук кеңештер өз максаттарына жетүү үчүн:
1) ченемдик укуктук актылардын жана башкаруучулук чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук талкуулоого катышат;
2) тигил же башка жааттагы иштин иш жүзүндөгү абалын талдоонун, коомдук пикирди үйрөнүүнүн негизинде пландалган же кабыл алынган чечимдерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат жана аларды тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго берет;
3) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишине байланышкан коомчулуктун сунуштарын жана демилгелерин карайт;
4) пландалган стратегиялык жана коомдук маанилүү чечимдерди, анын ичинде программаларды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомчулук менен талкуулоону уюштурууга жана өткөрүүгө катышат;
5) министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство тарабынан жарандык коом менен кызматташуунун ишке ашырылып жаткан механизмдеринин жана формаларынын натыйжалуулугун талдоону жүргүзөт жана аларды өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын киргизет;
6) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун иши жөнүндө коомчулукка маалымдоого көмөк көрсөтөт;
7) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан бюджеттик жана башка каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындыгынын жогорулашына көмөк көрсөтөт;
8) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын мониторингин жана сапатына баа берүүнү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун иштерине коомдук мониторингди жүзөгө ашырат;
9) коомдук олуттуу мааниси бар маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча коомчулуктун сунуштары жөнүндө маалыматтарды жыйнайт, жалпылайт жана министрликке, мамлекеттик комитетке жана администрациялык ведомствого берет;
10) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишине байланышкан кыйла маанилүү маселелер боюнча коомдук пикирди иликтейт жана жалпылайт жана алынган маалыматты министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун ишин өркүндөтүү максаттарында пайдаланат:
11) өз максаттарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 09.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205299/st-7" title="7-берене - Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>