4-берене. Коомдук кеңештерди түзүүнүн жана ишинин максаттары
Күчүн жоготкон · 09.01.2024 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2.
Коомдук кеңештерди түзүүнүн жана ишинин максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун иштерине байланышкан коомдук демилгелерди илгерилетүү жана талкуулоо;
2) министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго коомдук мааниси бар, анын ичинде стратегиялык мүнөздөгү сапаттуу чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда көмөк көрсөтүү;
3) бюджеттик, займдык (ссуда, насыя), атайын каражаттарды, башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү, эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине жана администрациялык ведомстволоруна берген техникалык жардамды жана гранттарды кошуп алганда, финансы каражаттарын министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан ачык-айрым жана натыйжалуу пайдаланылышын жогорулатуу;
4) министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тарабынан калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу.
Берененин тексти 09.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205299/st-4" title="4-берене - Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>