10-берене. Комиссиянын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 09.01.2024 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2.
Комиссияга төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) коомдук кеңештердин курамдарына мүчөлөрдү тандап алуу үчүн конкурс уюштурат;
2) коомдук кеңештерге талапкерлердин резервин түзөт;
3) коомдук кеңештин чыгып кеткен мүчөсүнүн ордуна талапкерлердин резервинен жаңы мүчөнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
4) жарандык коомдон Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени чечет;
5) министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден жана администрациялык ведомстволордон жана өз алдынча башкаруу органдарынан коомдук кеңештердин курамдарына жана коомдук кеңештер үчүн талапкерлердин резервине конкурс өткөрүүгө жана мүчөлөрдү тандап алуу үчүн зарыл маалыматты сурап алат;
6) өз ишинин регламентин бекитет;
7) коомдук кеңештер түзүлгөн министрлик, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомство кайра уюштурулган же жоюлган учурларда, ушул Мыйзамга ылайык коомдук кеңештердин андан аркы иши же ишин токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
Берененин тексти 09.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205299/st-10" title="10-берене - Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>