Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Жарандык коомдон Комиссия мүчөлөрүн шайлоонун тартиби
Күчүн жоготкон · 09.01.2024 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 9 января 2024 года № 2.
1. Комиссияга жарандык коомдон 10 мүчөнү шайлоо жөнүндө конкурс тууралуу күлактандырууну Өкмөт Аппараты Өкмөт тарабынан белгиленген жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде, ошондой эле конкурс жөнүндө маалыматты документтерди берүү мөөнөттөрүн; Өкмөттүн жана коомдук кеңештердин расмий веб-сайттарына жайгаштыруу жолу менен конкурска катышуу үчүн документтерди кайда жиберүү зарыл болгон дарегин (почта жана электрондук почта), ошондой эле конкурска катышуу үчүн зарыл документтердин тизмегин көрсөтүү менен жарыялайт.
2. Конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып бир айдын ичинде жүзөгө ашырылат.
3. Жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо тууралуу конкурска катышуу үчүн талапкерлер ушул Мыйзамдын максаттарына жетүү үчүн түзүлгөн төмөнкү бирикмелердин бири тарабынан сунушталат:
1) юридикалык жактардын катталган бирикмелери;
2) коомдук бирикме, фонд жана/же мекеме (муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерден тышкары) формасында катталган үчтөн кем эмес коммерциялык эмес уюмдар.
4. Бир бирикмеден жарандык коомдон Комиссияга шайлоо үчүн бир гана талапкер сунушталышы мүмкүн. Бир юридикалык жак жарандык коомдон Комиссияга шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү максатында бир гана бирикменин курамында катыша алат.
5. Комиссиянын мүчөлүгүнө 25 жаштан жаш эмес, жогорку билими бар, соттолгондугу жок, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, жарандык демилгелерде жана жигердүү коомдук иштерде тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары талапкер боло алышат.
6. Комиссиянын мүчөсү коомдук кеңешке мүчө боло албайт. Коомдук кеңештин мүчөсү жарандык коомдон Комиссияга шайлануу үчүн конкурска катышууга укуктуу. Комиссияга шайланган учурда, анын коомдук кеңешке мүчөлүгү токтотулат.
7. Жарандык коомдон Комиссияга мүчөлөрдү шайлоо боюнча конкурска катышуу үчүн (жеке өзү - колмо-кол, почта же болбосо электрондук почта боюнча) төмөнкү документтер тапшырылуусу тийиш:
1) Комиссияга шайлоо үчүн талапкерди сунуштоо жөнүндө бирикменин (катталган бирикменин жетекчисинин колу же болбосо катталбаган бирикмени түзгөн коммерциялык эмес уюмдардын бардык жетекчилеринин колдору коюлган, ушул уюмдардын мөөрлөрү менен бекитилген) каты;
2) конкурска катышууга талапкердин арызы;
3) автобиографиялык маалыматтарды (таржымал) көрсөтүү менен талапкердин билими, кесиптик жумушунун жана коомдук ишинин тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар.
8. Өкмөт Аппараты алардын келип түшкөнү боюнча сунушталган талапкерликтер жөнүндө маалыматтарды коомдук кеңештердин расмий веб-сайтына (талапкердин арызын жана таржымалын, жарандык коомдон Комиссияга шайлоо үчүн талапкерди сунуштаган бирикменин катын) жайгаштырат.
9. Конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин Өкмөт Аппараты:
1) конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алууну токтотот;
2) сунушталган талапкерлерге (почта, электрондук почта боюнча же телефонограмма менен) конкурска (конкурс өткөрүлүүчү ордун, датасын жана убактысын көрсөтүү менен) чакыруу жиберет;
3) Өкмөттүн жана коомдук кеңештердин расмий веб-сайттарына конкурс өткөрүлүүчү ордун, датасын жана убактысын көрсөтүү менен кулактандыруу жайгаштырат;
4) Президенттин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) жана Акыйкатчыга (Омбудсменге) конкурсту уюштурууга катышууга, конкурсту өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясына өзүнүн бирден өкүлүн жөнөтүүгө чакыруу жиберет;
5) талапкерлер жөнүндө маалыматтардын жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун алдын ала текшерүүнү жүргүзөт.
10. Конкурс документтерди кабыл алуу токтотулган күндөн тартып 10 күндөн эрте эмес жана 20 календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
11. Конкурс өткөрүлүүчү күнү конкурстун башталаары алдында Өкмөт Аппаратынын өкүлү конкурстун катышуучуларына талапкерлер жөнүндө маалыматтардын жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлган ушул Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун алдын ала текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу баяндайт. Жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер үчүн белгиленген талаптарга алардын ылайык келбегени жөнүндө аларга карата маалыматтар келип түшкөн, конкурстун катышуучулары өз пикирлерин айтууга жана жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкерлер үчүн белгиленген талаптарга алардын ылайык келээрин ырастоо үчүн тиешелүү документтерди жана башка далилдерди берүүгө (мисалы, паспорттун, билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун маалымкаттарын, коммерциялык эмес уюмдардан каттарды) укуктуу.
12. Комиссиянын мүчөлөрү үчүн белгиленген талаптарга жооп бербеген талапкерлер конкурстун катышуучуларынын чечими менен конкурска киргизилбейт. Мында ар бир талапкер боюнча добуш берүү өз-өзүнчө өткөрүлөт. Чечим конкурска катышкандардын көпчүлүк добуштары менен (аларга кapaтa добуш берүү өткөрүлө турган конкурстун катышуучуларын кошпогондо, - алар добуш берүүгө катышпайт) кабыл алынат.
13. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү үчүн белгиленген талаптарга жооп бербеген талапкерлерди конкурска киргизбөө жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жарандык коомдон Комиссиянын курамына талапкерлердин саны 15 жана андан аз адамды түзгөн учурда, анда бул конкурс өткөрүлбөйт жана ушул беренеде белгиленген эрежелер боюнча жаңы конкурс жарыяланат.
14. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү үчүн белгиленген талаптарга жооп бербеген талапкерлерди конкурска киргизбөө жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жарандык коомдон Комиссиянын курамына талапкерлердин саны 15 адамдан ашыкты түзсө, андан ары Өкмөт Аппаратынын өкүлү конкурска киргизилген катышуучуларды жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо үчүн добуш берүү жолжобосуна чакырат.
15. Жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо боюнча добуш берүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) Өкмөт Аппаратынын өкүлү Президенттин Аппаратынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) алар тарабынан эсептөө комиссиясына жиберилген өкүлдөрү жөнүндө катты окуп берет жана аларды катышуучуларга тааныштырат;
2) конкурс өтүп жаткан жайга добуш берүү үчүн үкөк орнотулат;
3) эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү конкурстун катышуучуларына добуш берүү үчүн бош үкөктү көрсөтөт;
4) ушундан кийин рейтингдик добуш берүү процесси башталат: ар бир талапкер (конкурска киргизилген) бир барак кагазга (өз кароосу боюнча жашыруун же ачык) Комиссияга шайлоо үчүн өзү добушун берген 20 талапкерден ашык эмес фамилияны жазат, андан кийин бул баракты добуш берүү үчүн үкөккө таштайт;
5) конкурстун бардык катышуучулары добуш бергенден кийин, эсептөө комиссиясы конкурстун бардык катышуучуларынын катышуусунда добуштарды ачык саноону өткөрөт;
6) добуштарды саноонун натыйжалары боюнча эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү конкурстун бардык катышуучуларынын катышуусунда алынган добуштардын санына жараша талапкерлердин тизмесин түзөт: добуштардын эң көп санын алган талапкер тизменин биринчи сабына жазылат, андан ары алынган добуштардын азайышына жараша калган талапкерлер жазылат;
7) айрым талапкерлердин алган добуштарынын бирдейлигине байланыштуу алынган добуштардын саны боюнча биринчи 20 орунду аныктоо мүмкүн болбогон учурда, ошол талапкерлерге карата чүчүкулак жүргүзүлөт;
8) чүчүкулак ачык конкурстун бардык катышуучуларынын катышуусунда, төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
а) бирдей добуш алган талапкерлердин фамилиясы (конкурстун жыйырма жеңүүчүсүнүн катарына кирүү үчүн талаш жүрүп жаткандар боюнча) эсептөө комиссиясы тарабынан эч кандай белги коюлбастан, окшош конверттерге чапталып, үкөккө ташталат жана аралаштырылат;
б) ушундан кийин үкөктөн жыйырма орунга кирип калуу үчүн талаш орундарга барабар сандагы конверттер үкөктөн бирден алып чыгылат, алып чыгуу кезегине жараша тизмеге жазылат;
9) жыйырмалыкта алынган добуштардын саны боюнча биринчи 10 орунду ээлеген талапкерлер жарандык коомдон Комиссияга шайланды деп эсептелет;
10) алынган добуштардын саны боюнча 11ден 20га чейинки орунду ээлеген талапкерлер жарандык коомдон Комиссиянын курамына талапкерлердин резервине шайланды деп эсептелет.
16. Өкмөт Аппараты конкурсту өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө протокол түзөт.
17. Конкурстун натыйжалары жөнүндө маалыматты Өкмөт Аппараты тарабынан Өкмөт белгилеген жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирине, ошондой эле Өкмөттүн жана коомдук кеңештердин расмий веб-сайттарына жарыяланат.
18. Жарандык коомдон шайланган Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын курамынан мөөнөтүнөн мурда чыгып кечкен учурда, Өкмөт Аппараты чыгып кеткен күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен калган мөөнөткө жарандык коомдон Комиссиянын мүчөлүгүнө алынган добуштарынын санына жараша аларды шайлаганда белгиленген кезектүүлүккө ылайык резервден кезектеги талапкерди дайындайт. Эгерде резервдик талапкерлер жок болсо, чыгып кеткен күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен Өкмөт Аппараты калган мөөнөткө жарандык коомдон Комиссиянын жаңы мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө конкурс жарыялайт. Конкурс ушул Мыйзамда каралган тартипте өткөрүлөт.
19. Жарандык коомдон шайланган Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин 2 ай калгандан кечиктирбестен Өкмөт Аппараты жарандык коомдон Комиссиянын жаңы мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө ушул Мыйзамда каралган тартипте өткөрүлүүчү конкурс тууралуу кулактандыруу жарыялайт. Жарандык коомдон жаңыдан шайланган Комиссиянын мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын аткарууга жарандык коомдон шайланган Комиссиянын мурдагы мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн күндөн тартып киришет.
Берененин тексти 09.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/205299/st-9" title="9-берене - Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>